Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ РЕФОРМАГА МУКТАЖ


Ирактагы мунайды азык-түлүккө алмаштыруу программасындагы көп кырдуу кыңыр иштерде Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннанда жана БУУнун бир катар агенттиктеринде да күнөө болгон. Пол Фолкер жетектеген көз карандысыз комиссия ушундай жыйынтыгын жарыялады. Ошол эле убакта комиссия өз отчётунда бул программа Ирак атуулдарынын көбүн ачарчылыктан сактап калып, Саддам Хусейндин куралдуу күчтөрүн кубаттанышына бөгөт болгондугун белгилейт.

Бириккен Улуттардын Иракта мунайды азык-түлүккө алмаштыруу программасын башкаруудагы кемчиликтер, коруупция жана системдик көйгөйлөр уюмдун кадыр-баркына доо кетирип, ага болгон ишенимди солгундатып койду. АКШнын мурдагы казына башчысы Пол Фолкердин комиссиясы жарыялаган отчеттун башкы мазмунун ушундайча жалпылоого болот.

Көз карандысыз комиссия ирак мунайынын гуманитардык программадан бөлөк максаттарга уурдалышына жол бергени үчүн Бириккен Улуттардын мартабалуу жетекчилерине жана Коопсуздук Кеңешине кине тагат. Натыйжада Саддам Хусейн жана анын жан-жөкөрлөрү 8 миллиар доллардан ашык каражатты өз кызыкчылыгына пайдаланышкан.

Волкер кечээ Коопсуздук Кеңешинин алдында чыгып сүйлөп, мунай жана азык-түлүк программасы боюнча кимдин эмнеге жооп берээри так аныкталбагандыктан, Саддам анын ишине кийлигише алган кырдаал түзүлгөнүн мындайча белгиледи:

Жетекчилик кимдин колунда болгондугу белгисиз. Артка тартуу же чечим чыгарууну создуктуруу адаттагы көрүнүш болгон. Административдик структуралар жана Секретариат менен айрым агенттиктер бул программадан улам жаралган чынында да олуттуу проблемаларды чечүүгө даяр эмес болуп чыккан. Тилекке каршы, бул кемчиликтерге жогорку кызматтагылардын адеп-ахлаксыз жана коррупциялашкан жүрүм-турум кошул-ташыл болгон.

Ошол эле убакта отчетто баш катчы Кофи Аннандын бул программага жооптуу адамдарды тандоого ыксыз кийлигишкендиги ырасталбаганын бышыктады. Бирок документтин авторлору Аннан жетекчиликте катачылыктарга жол берип, өз уулуна байланышкан кайчылаш кызыкчылыктар боюнча коюлган кинелерди тыкыр териштирбегенин белгилешти. Анан Коопсуздук Кеңеште программаны башкарууда кетирилген кемчиликтерди моюнга алды:

Бул иликтөө комитети көшөгөнү алып ыргытып, уюмдун мактанууга болбой турган кемчиликтеринин бетин ачты. Эч кимибиз, мүчө-өлкөлөр да, секретариат, агенттиктер, фонддор жана программалар да ачыкка чыккан фактылар менен сыймыктана албайбыз.

Аннан келерки аптада ачылып жаткан БУУнун саммитинин алдында мүчө-мамлекеттер башкаруу системасын кайра куруу жаатында мунасага келиши керек деди. Кошмо Штаттарынын БУУдагы элчиси Жонн Болтон негизги реформаларга "ондогон" мамлекеттер каршыгып жаткандыгын белгиледи.

Келерки жумада 170тен ашык президенттер жана өкмөт башчылары Бириккен улуттар уюмунун баш кеңсесинде жолугушуп, өнүктүрүү иштеринин күн тартибин талкуулашат. Батыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгү адам укуктары, терроризм жана башкарууну кайра куруу боюнча келишимдерди кабыл алууну талап кылып келатышат.

XS
SM
MD
LG