Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:07

КЫТАЙДЫН КОММУНИСТТИК БИЙЛИГИНЕ НААРАЗЫЛАР АРБЫН


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары Мындан бир ай мурун Кытайдын карапайым калкы өлкөдө коррупция күч алып, жерди тартып алуу, салык алуу күчөдү жана экологиялык кыйын кырдаал түзүлдү деп, катуу нааразы болгон. Элдин мындай талабын ырбатпаш үчүн бир партия жетектеген Кытайдын бийлиги коррупцияга каршы күрөштү катуу баштап, тартипти катуулатты.

Акыркы жылдары Кытайдын абдан катуу өнүгүп жаткан экономикасынын жарыгы калкынын баарына тегиз тийген жери жок. Өлкөнүн буга чейинки жол башчысы Дэн Сяопин “байуунун өзү мыкты иш” деген ураан чакырган менен кийинчерээк “бирөөлөр башкалардан мурдараак байыырын” да унутпай, эскерте кеткен. Азыр Кытайда так ушундай көрүнүш. Деңиз жээгиндеги аймактар менен өлкө ичиндегилердин жана шаар менен айылдын жашоосунун айырмасы асман менен жердей болуп калды. Айрым эксперттердин баамында, буга 1949-жылдан бери бийликте бир гана коммунисттик партиянын турушу башкы себеп. Анткени, экономикада теңдештирүү, коомдо укуктук мамиле, көз карандысыз сот жана ачык иш жүргүзүү деген түшүнүк жок. Буга жергиликтүү атка минерлердин күчүн арттырып, коррупциялаштырган 1978-жылдан берки реформа кошумча болду.

Кытайда 900 миллион дыйкан бар. Мына ушулар компартиянын негизги таянычы жана бийликтегилерди байыткан башкы булак. Алар кылымдардан бери ар дайым өсө берген салыкты унчукпай төлөп, мамлекеттик казынаны да, жергиликтүү төбөлдөрдүн чөнтөгүн да кампайтып келет. Ошон үчүн кийинчерээк “салыкты көп төлөгөн сайын атка минерлер машинаны көп сатып алып жатышат” деген даттануулар угула баштады. Андан тышкары дыйкандардан жер эч кандай кайтарым акчасыз тартып алынып, ал жерге өнөр жай ишканалары курулган. Ишканалар өндүрүш калдыктары менен айлана-чөйрөнү булгап, ишсиз калган дыйкандар шаарды көздөй жылып, кээде күнүмдүк тамагы үчүн бекер иштеп, алданган учурлар толтура. Маселен, расмий маалыматка караганда, 2004-жылы дыйкандар 2 жарым миллиард долларга алданган экен.

Өнөр жай тармагынын ушундай кысымына туш болгон Чжензян провинциясындагы Мейшан шаарчасынын бир миңге чукул тургуну август айынын башында жергиликтүү ишканага барып, каршылык көрсөтүштү. Полиция менен кагылышта алардын бир канчасы камакка алынып, бир тобу жараат алды.

Тургундар “Тян Ненг” деген химиялык заводдон чыккан уулуу зат айлана-чөйрөнү ууландырып, балдар арасында аккан оорусунун көбөйгөнүнө нааразылык билдиришкен. Баарынан да алардын нааразылыгы тууралуу жергиликтүү басма сөздө бир сөз айтылбагандыгы кыжырларын келтирген. Ал жердеги бир тургундун айтымында, алар маалымат каражаттары аркылуу арыз-армандарын бийликке жеткирүүгө аракет кылышкан. Бирок андан майнап чыккан эмес. “Эркин Азия” радиосунун кабарчысы анын себебин бийликтен сураганда “бизде жаңылык тарата турган атайын үгүт бөлүмү бар. Ал бөлүм жаңылыкты бир нече күндөн кийин жазат. Демек, аны жазгыча күтө тургула” деген жооп берген.

Мейшандыктардын нааразылыгы Кытайдын бүткүл аймагында боло жүрчү көрүнүш. Адам укуктары боюнча бир адвокат “Интернашнл геральд трибюн” “андай нааразылыктар кош-коштоп берилген убададан кийинки элдешүү менен аяктайт, андан кийин нааразы болгон адамдарды топ-тобу менен камоо жүрөт” деп айткан.

Ал эми Кытайдын азыркы жетекчиси Ху Цзинтао өлкөдө пландуу өнүгүү саясатын алдыга койгон. Аны аткарууга бардык жетекчилер аракет кылып, 2010-жылга чейин социалдык жашоодогу жиктелүүнү жок кылууга жан далбастап жатышат.

Бирок айрым учурда Кытайдын өзүндөгү жакырларга эмес, өлкөдөн тыш жерде жашагандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. Маселен, жылдын көп мезгилин АКШда өткөргөн баскетболчу Яо Минг “Өрнөктүү жумушчу” сыйлыгын жеңип алды. “Вашингтон пост” гезити жазганга караганда, ал жылына 15 миллион доллар алат. Бирок карапайым элдин көбүнө мындай суммадагы акча түшүнө кирбесин жетекчилер жакшы билишет. Жакында “Интернешнл геральд трибюн” гезити Кытайдын Коомдук коопсуздук министри Чжоу Иоңгкаңдын “массалык нааразылыктар социалдык туруктуулукту камсыз кылуудагы башкы көйгөй” деп айтканын жана “нааразылык иш-чараларынын масштабы кеңейип 2004-жылы анын саны 58 миң болсо, быйыл 74 миңге жеткенин” мисалга тарткан.

Бирок бийлик элдин талабын аткарбай, тескерисинче күч менен басууну ылайык көрүп келет. Маселен, август айында ошондой иш-чараларды басуу үчүн полициянын тандалма бөлүктөрү 36 шаарда түзүлдү. Андан тышкары жергиликтүү журналисттер өз аймагындагы маалыматты башка жакка чыгарбасын деген көрсөтмө ушул жазда берилген. Ал турсун маалымат алмашууну чектөө үчүн Интернет-полиция түзүлдү. “Таймс” гезитинин жазганына караганда, ал “демократия”, “фалунгон”, “адам укугу” деген сөздөрдү иргеп, тоскоол кылчу дүйнөдөгү эң күчтүү Интернет-калбыр болуп калды.

Азыркы Кытай боюнча адис Жаспер Бекердин айтымында, бир ууч атка минерлер борборлоштурулган башкаруу аркылуу сабатсыз, кедей элдин тагдырын чечип жатат жана мындан ары да жакырлар менен байлардын ажырымы күчөйт. Сексен жаштагы диссидент журналист Лю Биньяндын баамында, мына ушул ажырым Кытайдын коммунисттик бийлигин кулатуучу башкы күч болот. Ал: “Жакында эл көтөрүлөт, жер-жерлердеги элдин баары аларга кошулуп, күрөшкө багыт алат. Ири башаламандык болуп, партиянын династиясын кулатат» деп айтты.
Ал эми Беккердин баамында, ага элдин экология, жер маселеси боюнча талаптары башкы себеп болот жана анын башында Кытай интеллигенциясынын 30 менен 40тын кырындагы өкүлдөрү турат.
XS
SM
MD
LG