Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

РУМЫНИЯГА БАРГАН ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫ ЖАШООСУНА ЫРААЗЫ


Төрөкул Дооров, Прага Ушул жылдын май айындагы Анжиян окуясынан улам Кыргызстанга качып өткөн 500дөй адамдын 439у кийинчерээк Кыргызстандан Румынияга жөнөтүлгөн. Азыр алар Румыниянын Тимисиора шаарындагы качкындар лагеринде жашашат жана ал жердеги шарттарга ыраазы экендиктерин билдиришти. Бирок качкындар Румынияда көпкө калышпайт – туруктуу жашоо үчүн башка мамлекетке жиберилиши керек. Анткен менен азырга чейин алар кайсы мамлекетке туруктуу жашоого жөнөтүлөөрү белгисиз.

Качкындардын айрымдары бул жерде англис тилин да үйрөнүүгө аракет жасоодо. Алардын бири, 19 жаштагы Беназир бул жакка кош бойлуу келген. Бирок ал азыр күйөөсү каякта экенин билбейт. Беназир тополоңдо Анжияндан чыгып бараткан убакта жолдошу үйдө болгонун, бирок азыр анын кайда жүргөнү белгисиз экенин айтат.

Өзбекстандык 439 качкын Тимисиорадагы лагерде бир кабаттуу төрт башка имаратта аялдар өзүнчө, эркектер өзүнчө болуп жашашат. 20 киши бир чоң бөлмөдө турат, бирок алардын өздөрүнүн айтымында, бөлмөдө дагы 15 адамга жетчүдөй орун бар. Башкача айтканда, кеңири эле. Лагерде сыналгы көрчү өзүнчө бөлмөсү бар. Алар көбүнчө сателлиттен орусиялык каналдарды кармап көрүшөт. Лагерде футбол ойной турган өзүнчө аянтча да бар.Кыскасы жашоо үчүн зарыл бардык шарт түзүлгөн

- Өзбекстанда өз укуктары орой бузулуп, укуктарын коргоону каалаган адамдар бул жерге чогулушкан. Мындагы футбол майданы, теннис ойноочу жай, - баары ошол жакшы адамдар үчүн жасалган экен, - дейт качкындардын бири.

Лагердин бир бурчунда ашкана жайгашкан. Бул жерде анжиандык бир киши тамак бышырат, дагы 5-6 адам ага жардам берет.

Өзбек бийликтеринин маалыматына ылайык, Анжиян окуясында 187 адам өлгөн. Болгондо да алардын көбү ислам экстремисттеринин огунан учкандыгы айтылган. Ал эми эл аралык укук коргоо уюмдары Анжияндагы кыргын учурунда өлгөндөрдүн саны миңдин тегерегинде деп билишет.

Румынияга барган өзбек качкындары болсо 13-майдагы окуяда адамдардын көбү мамлекеттик аскерлер демонстраттарга каршы ок чыгарышканда жан таслим болгонун айтышты:

- Мен демонстрацияга энем менен баргам. Анан түштөн кийин 3 жарымдарда эки тик учак конду. Анан жарым сааттан кийин эле алар адамдарды ата башташты. Анан биз аянттан качып кеттик. Кете бердик, кете бердик... Мөмөлүү даракты какканыңызда мөмөсү жерге топ-топ деп түшөт эмеспи. Ошондой болуп эле адамдар жыгылып жатышты. Кудайга шүгүр, биз энем экөөбүз тирүү калдык, - дейт бул кичинекей бала.

Азырынча Тимисиорадагы лагерде жашап жаткан өзбек качкындары кайсыл мамлекетке туруктуу жашоого жөнөтүлөөрү белгисиз. Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча Жогорку Комиссарлыгынын маалыматына караганда, алар жакынкы мезгилдерде кеминде 10 башка өлкөгө жөнөтүлүшү мүмкүн. Ал мамлекеттердин ичинде азырынча Кошмо Штаттары, Австралия жана Канада айтылууда.
XS
SM
MD
LG