Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28

СОТ РЕФОРМАСЫ: СӨЗ МЕНЕН ИШТИН АЖЫРЫМЫ


Соттордун өз алдынчалыгын камсыз кылуу, мыйзам үстөмдүгүнө жетишүү жайында кыйладан бери кеп болуп келатат. Бул маселе конституциялык реформа тушунда өзгөчө саясий маани-мазмун алган орчун проблемага айланууда. Парламенттик шайлоо жыйынтыктарына нааразы болгон калктын көтөрүлүшүнө көбүнесе соттордун чечимдери негиз болгонун кыргызстандыктар жакшы билишет.

Сотторго элдин 80 пайызы ишенбестигин башка бирөө эмес, экс-президенттин өзү да бир нече ирет ырастаган жайы бар. Кыргызстандын сотторуна ишенбестигин уулу Айдар Акаевдин депутаттык кол тийбестик маселесин парламент карап жаткан чакта А. Акаев дагы бир жолу тастыктады.

Азырынча аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруучулардын укук-милдеттерин аныктап-тактап алуу түйшүгүнө киришип алган реформаторлор жаңыланчу Конституцияга сот реформасын кошо элек. Бирок мындай пикирге Жогорку Кеңештин, Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев макул эмес:

- Өзүңүз байкагандай, сот бийлигинин көз карандысыздыгы үчүн принципиалдуу жаңы жоболор кирди. Биз, албетте, сунуш кылынган радикалдуу ойлорду тизгиндеп, орточо чечимди кабыл алдык.

Анткен менен жаңыланчу Башмыйзамдагы өзгөртүүлөр негизинен Конституциялык соттун укугун кеңейтүү маселесине байланыштуу экенин мыйзам жаатындагы белгилүү адис, Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыпов да ырастады:

- Конституциялык кеңешме жарыя кылган долбоорунда эч кандай сот реформасы тууралуу сөз жок. Тек гана Конституциялык сотко кошумча эки укукту ыйгарып коюшкан. Биринчиси, 2003-жылы мыйзамдуу колдонуучу органдардын кыймыл-аракеттерин Конституцияга каршы деп табуу жөнүндөгү укугун жоюп салган болчу. Экинчиден, Эл аралык долбоорлорду Конституцияга каршы деп табуу жөнүндө сөз болуп жатат. Мен айтар элем, экөө тең Конституциялык сотко эч кандай тиешеси жок укуктар.

Элдик ыңкылаптан кийин Баш мыйзамды жаңылап чыгуу демилгесин Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова көтөрүп чыккан. Антишке абсолюттук дегидей ыйгарым укутарга ээ А. Акаевдин көпчүлүктүн жаалынан коркуп, кызматын таштап кетип калганы себеп болгон.

Конституциялык реформанын шарданы менен Баш мыйзамдын так сакталышын, аткарылышын көзөмөлдөп турчу эң жогорку сот органынын 2003-жылкы референдумда алынып салынган ыйгарым укуктарын кайтарып алууга ошентип ыңгайлуу шарт-жагдай түзүлүп oтурат.

Сот реформасы тууралуу кеп болгондо үчүнчү бийлик өкүлдөрүнүн айлык маянасынын аздыгы, андан чыккан коррупция, паракорлук, соттордун кол тийбестиги, материалдык-техникалык жагынан жетиштүү шарт түзүп берүү проблемасы алдыга чыгат. Демократияга жана маалымдоо каражаттарына көмөк көрсөтүү коомдук фондунун өкүлү Нурзада Мураталиеванын ырасташынча, соттордун колтийбестиги коррупцияга шарт түзөт:

- Менин пикирим, сотту колтийбестиктен ажыратуу. Анткени, бул кол тийбестик аларга көп укуктарды берет. Ошон үчүн алар бул укукту өз пайдасы үчүн колдонушат. Ошондуктан аларды бул укуктан ажыратуу керек деп ойлойм.

Сот реформасы 2000-жылдан тарта башталган. Азия өнүгүү банкынын колдоосу менен башталган иштин натыйжасында соттордун материалдык-техникалык шарты кыйла жакшыртылып, соттордун колтийбестиги тастыкталып, алардын өз алдынчалыгы үчүн кадыресе мыйзамдык негиз түзүлдү. Марат Кайыповдун айтымында, «легендарлуу парламенттин» шарданы менен алынып салынган элдик заседателдер институтун калыбына келтирүү, соттордун кесиптик даярдыгын көтөрүү, алардын калыстыгына шек келтирчү жагдай-себеп чыкса токтоосуз чара көрүү «үчүнчү бийликтин» коомдук кадыр-баркын көтөрүүгө өбөлгө түзөр эле.

Адистердин айтымында, жаңыланган Конституциялык кеңешмеде сот реформасы, кыйла жылдардан бери сөз болуп, бирок ишке толук ашырылбай келаткан оголе оор коомдук маселе элдик талкууга салынышы керек.
XS
SM
MD
LG