Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:19

АКАЕВДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮ, ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТТИН ИНИСИ


Конституциялык реформа, жаңы өкмөттүн убадасы, президенттин кадр саясаты, элдик ыңкылаптын активдүү катышуучусунун учурдагы оор абалы, Каракече көмүр кениндеги башаламандык, мурдагы өкмөт башчынын, чет элдик ишкердин камакка алынышы. Апта соңундагы кыргыз гезиттеринде жарыяланган материалдардын негизги темасы ушундай.

Жаңыланчу Конституция боюнча президент тек кожо көрсүнгө гана бийлик ээси болуп отуруп калат. Баш мыйзам долбоорунан президент өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жобосун табалбайсың, деп жазат 8-сентябрдагы «Вечерний Бишкек» гезитинде Данияр Каримов. Аны парламент менен президент ымалага келип чечиши керек экен. «Абсурд», мындай башкатырмалар долбоордо толтура, дейт макала автору.

К. Бакиев өзүн торго салып берди, деп жазат ушул эле гезитте Азамат Тынаев. Үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан мамлекет башчы өз инисин Германияга элчи кылып дайындаганы туру. Жарлыкка кол койсо буга чейин чогулткан кадыр-баркына доо кетирет. Дайындабаган күндө деле жарандык коомдун сынына кабылат, дейт А. Тынаев.

Өкмөт башчы Феликс Куловдун экономикалык программасы «Менин командам коррупцияга малынбайт» деген аталышта «Вечерний Бишкек» гезитинде жарыяланган.

Мурдагы өкмөт башчы Н. Танаев менен белгилүү италиялык ишкер Ж. Фиакконинин камакка алынышын апта соңундагы гезиттердин баары маалымдашты. Ал эми Карасуу шаарындагы «Туратали» базарынын башчысы А. Жунусовду жансакчысы экөөн атып кетишкенине нааразы болгон калк көтөрүлүп, «жарымы Бишкекти карай аттанып, калганы Ош облустук мамлекеттик администрациясын курчап турушат» , деп жазат Алишер Токсонбаев жума күнкү «Агым» гезитинде.

“Кылмыштын баарын эле А. Акаев жасаган эмес. Элди итке мингизген да жалгыз А. Акаев эмес. Анын миңдеген жан-жөкөрлөрү болгон да. Алар жаңы бийлик тушунда кайра жогорку кызматтарга отуруп атышпайбы» ,- дейт парламент депутаты Кубатбек Байболов «Агым» гезитиндеги маегинде. Депутаттын ырасташынча, Н. Танаевдин камалышы мыйзам чегинде болду. Убада бергенден кийин качпаш керек эле.

Ушул эле тема жума күнкү «МСН» гезитинде да чагылдырылды. Ю. Груздов менен А. Ким мурдагы өкмөт башчы кантип жана кандайча камакка алынганына кеңири токтолушкан.

Академик Т. Койчуев «МСН» гезитиндеги маегинде жаңы өкмөттүн экономикалык программасына токтолуп, улуттук менталитетке карабай, чечкиндүү кадамдар жасалбаса кысталыш кырдаалдан өлкөнүн чыгышы кыйын экендигин эскертет. Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеев жаңы бийликтин алдында коррупцияга малынбай, революция идеалдарын булгабай сактоо милдети турганына токтолгон. Анын макаласы «Этият болгула, «профессионалдар» келатат» деп аталат.

Жаңы бийликтин үнү сестүү чыкканы менен жыйынтыгы түшүнүксүз бойдон калууда. Жума күнкү «Аалам» гезитиндеги Кенжебек Арыкбаевдин «Күн күркүрөйт, бирок жаан жаабайт го» деген макаласы Башкы прокуратуранын кийинки иш-аракеттерин талдоого арналган.

А. Акаевдин үй-бүлөсү дагы кыйлага Кыргызстандын баш оорусуна айланары жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде баяндалган. Басылманын ырасташынча, «үй-бүлөнүн» колундагы маалымдоо каражаттары азыр деле мурдагыдай эле А. Акаевдин жакындарын коргоп, президент менен премьер-министрдин ортосуна от коюу далбасасын жасап келатат. «Жаңы бийликке сес көрсөтүп, эми кандай кадам жасар экен деп сынап турган кези».

Жумгалдагы Каракече көмүр кениндеги жагдайга жума күнкү «Жаңы ордо», «Кыргыз туусу» гезиттери кайрылышты. «Кыргыз туусу» гезитинде Улан Бектин «Акаевдин автоматынан жарадар болгон революционер Кадырбаевге ким жардам берет?» деген макаласы жарыяланды. Жалалабадда милициянын огунан жарадар болгон Маматкарим Кадырбаев ушу тапта жарымжан, жардамга муктаж дейт макала автору.
XS
SM
MD
LG