Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Жалалабад облусунда жаштардын эл аралык форуму соңуна чыкты


ЖАЛАЛАБАТ. Кыргызстандын Жалалабат, Ош, Баткен облустары жана Тажикстан менен Өзбекстандын жаштар уюмдарынын өкүлдөрүнүн башын бириктирген үч күндүк жыйын табияты кооз Арстанбап аймагында жыйынтыкталды. Форумдун катышуучулары Арстанбапта эс алуу менен бирге Фергана өрөөнүндөгү жаштардын өз ара кызматташтыгы, өрөөндөгү тынчтык менен стабилдүүлүктү сактоо жаатындагы алардын орду тууралуу ой-пикирлери менен алмашышты. Жыйында коңшу өлкөлөрдөгү тынчтыкты сактоодо жаштардын ролу зор жана эртеңки муундун өкүлдөрүнө мамлекеттер менен коомчулук камкордук көрүүсү зарыл экени белгиленди. Жумушсуздуктун жана бош убакыттын көптүгүнөн, туруктуу идеологиянын жоктугунан жаштар ичкилик менен баңгиликке, кылмыштуулук менен ар түрдүү диний экстремисттик топторго берилип жатканы айтылды. Фергана өрөөнүндөгү жаштардын өз ара мамиле жасоосуна өлкөлөр ортосундагы чек ара жана бажы тосмолору, жол проблемалары, кымбатчылык, уюштуруучулук иштердин начардыгы тоскоол болууда. Эл аралык форум Жалалабаттагы жаштардын бейөкмөт уюмдарынын демилгеси менен уюштурулду. Форумду каржылык жактан «Евразия» кору менен АКШнын эл аралык ЮСАИД агенттиги колдоду.

XS
SM
MD
LG