БИШКЕК. Кыргызстанда кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн ордуна саясий оюндар күчөп жатат. Мындай пикирлерди Жогорку Кеңештин депутаттары коргонуу, коопсуздук, тартип жана маалымат саясаты боюнча комитетинин шаршембидеги отурумунда билдирдиришти. Комитет 5-сентябрда Карасуу районундагы киши өлтүрүү фактысын талкуулашты. Депутаттар Башкы прокуратура менен ички иштер министрлиги кылмыштуулукка каршы күрөштө кескин чараларды көрбөй жатат, деп сындашты. Отурумда белгиленгенге караганда, 2001-жылдан бери буюртма жол менен киши өлтүрүү боюнча 36 факт катталса, алардын бирин-экини боюнча гана күнөкөрлөр аныкталды. Депутаттар ошондой эле курал-жарактарды инвентаризациялоо зарылдыгын белгилешти. Отурумга Башкы прокурордун орун басары Нурланбек Жээналиев менен ички иштер министринин орун басары Алымбай Султанов катышып, маалымат беришти.