Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Башкы прокуратура өзбек тараптын маалыматын төгүндөдү


БИШКЕК. Өзбекстан Башкы прокуратурасынын Кыргызстандын түштүгүндө экстремисттерди диверсиялык-террордук ыкмаларга даярдоочу полигон бар деген билдирүүсү бышыкталган жок. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 8-сентябрда ушундай маалымат таратты. Анда белгиленгенге караганда, шектелген жайды табуу үчүн Кыргызстандын тартип коргоо кызматы өзбекстандык тартип коргоочулардын катышуусунда эки жолу оперативдүү текшерүү иштерин жүргүздү. Бул аракет Анжиян окуясын иликтөөгө укуктук жардам көрсөтүү максатында Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү боюнча жасалды.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, өзбек тарап чегарадан мыйзамсыз өттү жана Анжиян окуясына катышты, деп шектелген кыргызстандык 39 жарандын документтерин июнь-июль айларында Кыргызстандын Башкы прокуратурасына берген. Алардын үчөөнө айып тагылып, калгандары текшерилип жатат.

XS
SM
MD
LG