Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:04

Азиза Турдуева, Бишкек Өзбекстандын Баш прокуратурасынын 13-14-майдагы Анжиян окуясын уюштурган террористтик-экстремисттик топтор Кыргызстандын түштүк аймагында даярдалган деген мазмундагы билдирүүсүнө карата кыргыз саясатчылары тарабынан ар кандай пикирлер айтылууда. Кыргызстандын коргоо министри мындай билдирүүнү четке какса, айрым саясатчылар өлкөнүн түштүк аймагында экстремисттик күчтөр даярдалышы да мүмкүн деген көз караштарын айтышууда.

Өкмөттүн маалымат кызматы 8-сентябрда билдирүү таратып, премьер-министр Феликс Кулов буга чейин Би-Би-Си радиосуна берген интервьюсунда Кыргызстандын түштүгүндө деструктивдүү күчтөр даярдалышы мүмкүн деген пикирди айткан эместиги тууралуу маалымдашты. Бул жөнүндө өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлү Мелис Айдаркулов мындай дейт:

- Акипресс» маалымат агенттиги Феликс Куловдун Би-Би-Си радиосуна берген интервьюсунда Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын билдүүсүнө байланыштуу айкан сөздөрүнүн мазмунун туура эмес бериптир. Кулов Кыргызстандын аймагында экстремисттик топтор даярдыктан өткөн деп эч качан айткан эмес

Феликс Кулов Би-Би-Сиге берген интервьюсунда буларга токтолгон:

- Тилекке каршы, биздин Чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук кызматынын алсыздыгына байланыштуу белгилүү күчтөр кандайдыр бир жолдор менен биздин аймакта жайгашып турган жана алар менен эч ким күрөшкөн эмес. Мен ойлойм, бандиттер үчүн алар биздин аймакты пайдаланып, коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалды дестабилдештирүүнү көздөө мүмкүнчүлүктөргө жол берилбейт.

Өлкөнүн коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаковдун пикиринде, Кыргызстанда кандайдыр бир экстремиссттик топтордун атайын даярдыктан өтүшү мүмкүн эмес:

- Кыргызстандын аймагында, анын түштүгүндө диверсиялык күчтөр даярдалган, алар андан кийин Анжиянга барышкан деген маалыматтар толугу менен негизсиз. Кыргызстандын аймагында андай болушу мүмкүн эмес, болбойт дагы. Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын билдирүүсү негизсиз. Тескерисинче, 1999-2000-жылдары Тажикстандын аймагынан согушкерлер Кыргызстандын түштүн районуна кирип келип, Өзбекстанга өтөбүз дегенде, кыргыз эли, кыргыз бийлиги өздөрүнүн уулдарын курмандыкка салып, согушкерлерди коңшу өлкөгө өткөргөн эмес.

Улуттук коопсуздук кызматынын өлкөдөгү диний агымдар боюнча адиси Талант Раззаковдун көз карашында да, Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын Кыргызстандын аймагында террористтик топтор атайын машыгуудан өткөн деген маалыматы негизсиз:

- Кыргызстандын аймагында эч кандай экстремисттик же террористтик топтор аскердик машыгуулардан өтүшү мүмкүн эмес, ага себеп да жок, мүмкүнчүлүктөр да жок, мыйзамдар да жол бербейт. Бул болгону жалган жалаа. Эгерде Кыргызстан коңшу өлкөнүн мындай билдирүүсүнө дыкат көңүл буруп, катуу мамиле жасап, жооп кылбаса, Кыргызстандын элине чоң жалаа жабылып калышы мүмкүн.

Тышкы иштер министринин орун басары Эркин Мамкулов да Өзбекстандын билдирүүсүн четке кагып, «АКИпресс» маалымат агенттигине берген интервьюсунда Өзбекстан Анжияндагы окуялар үчүн күнөөлүүлөрдү сырттан издебей, ичинен издеши керек деген пикирин билдирди.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары болсо, Кыргызстандын түштүк аймагында кандайдыр бир экстремисттик топтор аскердик магуушулардан өтүшү мүмкүн деген пикирлерин билдиришүүдө. Парламенттин депутаты, Ош шаарындагы ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Рашид Тагаев буга байланыштуу мындай деди:

- Мен бул маселеде Феликс Шаршенбаевичтин айткандарына кошуламын. Андай болушу да мүмкүн. Мисалы, 1999-жылы согушкерлер биздин аймакка кирип келгенде, алардын көбүндө биздин паспорттор бар болуп чыккан. Андан кийин да, мисалы, Ооганстанда аскердик машыгуулардын өтүп келген согушкерлер биздин өлкөгө келип, биздин паспорттор менен жүргөн учурлар мен Ошто ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеп жүргөн мезгилде көп эле болгон. Мен эми ошондой экстремисстик топтор бизде даярдалып, Анжиянга барышкан деп айта албайм. Бирок ошондой болушу мүмкүн .

Депутат Кубатбек Байболов да Өзбекстандын прокуратурасынын билдирүүсүндө айтылган маалыматты толугу менен четке кагуу мүмкүн эмес деген пикирде:

- Эми андай болушу да мүмкүн. Такыр эле биздин өлкөнүн аймагында кандайдыр бир топтор машыгуулардан өтүшү мүмкүн эмес деп айтуудан да алысмын .
XS
SM
MD
LG