Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

МАГАТЭнин инспекторлору Сухумидеги мекемелерди текшерүүдө


Эл аралык атомдук агенттиктин инспекторлору бүгүн Кара Деңиздин Сухуми порттук шаарындагы мединститутту текшерүү үчүн келишти. Инспектолор бул мекемеде радиоактивдүү материалдар кандай шарттарда сакталып жатканын текшеришет. МАГАТЭ коркунучтуу радиоактивдүү материалдардын Тбилисинин көзөмөлүнө баш ийбей калган козглоңчул Абхазиядан чет өлкөлөргө аткесчилик жолу менен ташылуусунан кооптонууда. Инспекторлор тобунун башчысы делегация Эксперименталдык Патология жана Терапия институнда болушканын ошондой эле Физика жана Технология институтуна барышаарын билдирди. Мурдагы текшерүүлөр бул мекемелерде радиоактивдүү заттар бар экенин көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG