Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

УКРАИНА ӨКМӨТҮ ОТСТАВКАГА КЕТТИ


Украинанын президенти Виктор Ющенко Юлия Тимошенконун өкмөтүн отставкага кетирди. Бул кадам мамлекет жетекчилер арасындагы коррупция тууралуу айыптоолорго байланыштуу жана бир нече мартабалуу кызматкердин отставкасынан улам жасалды.

Бир күндө эле премьер-министрдин орун басары жана Коопсуздук кеңешинин жетекчиси кызматынан чегиништи. Ошого байланыштуу бейшемби күнү президент Ющенко өкмөттү таркатып жаткандыгын жарыялады. Өткөн аптанын соңунда Ющенконун администрация башчысы жумушун таштап кеткен эле.

Виктор Ющенко өз ара ырксыздык өкмөттүн ишине салака келтире баштагандан улам ушул кадамга барууга аргасыз болгондугун билдирди:

Күн өткөн сайын бийлик бутактары арасындагы тирешүү күч алды. Ар түркүн маселелер боюнча олуттуу жаңжалдар чыкты. Көшөгө артында кармаш кызыды, мунун баары мамлекеттик саясаттын түп-негизине шек келтире баштады.

Тимошенконун ордуна президент Днепропетровск аймагынын жетекчиси Юрий Ехануровго жаңы өкмөт түзүүнү тапшырды. Ехануров экс-президенттин убагында Украинадагы жеке менчиктештирүүнүн алгачкы баскычын башкарган. Ющенко иштен алган Юлия Тимошенконун анын командасында кала беришин каалаарын айтты. Ал эми кечээ өкмөттөн кеткен Коопсуздук Кеңешинин баш катчысы да мамлекеттик иштерден четте калышын каалабай тургандыгын билдирди.

Кечээ жакында эле Кучманын коррупциялашкан режимин кулатып, элдик козголоңдун шарапаты менен бийликке келген Украинанын жаңы өкмөтүндөгү бул чоң кризистин чоо-жайын териштирип көрсөк. Киевдеги Мохыла Академиясынын профессору Игор Лосев азыркы тапта Виктор Ющенконун башка аргасы калган эмес деп эсептейт:

Ющенконун өкмөтү Саргылтым ыңкылаптан кийин шашылыш түзүлгөн. Анын катарында ар кошкон саясий агымдар бар болчу. Президент өкмөттү чындап реформалап, айланасындагы кишилердин ким экенине көзү жетиши керек болду.

Президент жогорку чөйрөдөгү коррупцияга каршы күрөш жарыялагандан кийин жогорку кызматтагы үч киши отставкага кеткенип, өкмөттү таркатууга мажбур болду. Акыркысы кечээ кетти:

-Кабарчылар менен жолукканда Өкмөт башчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Томенко өткөн бир жыл ичинде Украинада коррупциянын "цивилизациялуу" формасын түзгөндөр үчүн жоопкерчиликти өзүнө алгысы келбей тургандыгын айтты.

Томенко кеткенден бир нече саат өтпөй Улуттук Коопсуздук Кеңешинин катчысы Петро Порошенко өз отставкасын жарыялады. Ал өзүнө коюлуп жаткан коррупциялык айыптоолор боюнча тергөө ишине кедерги тийгизбеш үчүн кетип жатам деди. Ишемби күнү ишин таштап жатып, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Олександр Зинченко Порошенкону коррупциянын сазына баткандардын катарында атаган эле. Президент Ющенко өзү акчаны оңду-солду чачкан уулунун кесепетинен сынга алынып жаткан.

Ющенконун коалициялык өкмөтү мындан жети ай мурда түзүлгөндөн берки эң оор кризиске такалганы менен, айрым байкоочулар арасында үмүттүүлөр да жок эмес. Киевдеги Евро-атлантикалык кызматташтык институтунун аналитиги Володымыр Хорбах кризистин аркасы менен Ющенконун администрациясы шымаланып реформа баштайт деп эсептейт. Башкалар администрациядагы тирешүүнү келерки жазда боло турган парламенттик шайлоо менен байланыштырып жатышат.

XS
SM
MD
LG