Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

8-сентябрда Жогорку Кеңешке өкмөттүн жаңы структурасы жөнүндөгү мыйзам долбоору жиберилди. Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети жума күнү долбоорду талкууга ала баштады. Жаңы структурада кандай өзгөчөлүктөр бар?

Жаңы долбоордо көзгө урунган нерсе, вице-премьер-министрлердин кыскарышы менен транспорт жана коммуникация министрлигинин жоюлуп кетиши болууда. Айрым депутаттарды кээ бир министрликтерден мааниси кем болбогон агенттиктердин өкмөттүн курамына кирбей, демек Жогорку Кеңештин көзөмөлүнөн чыгып калышы тынчыздандырууда.

Жаңы структура боюнча өкмөттүн курамын премьер-министр, эки вице-премьер-министр, он эки министрлик жана бир мамлекеттик комитет түзөт. Азыркы иштеп турган өкмөттө болсо беш вице-премьер-министр, он төрт министрлик жана эки мамлекеттик комитет бар. Ошону менен азыркы өкмөттөгү үч вице-премьер-министрлик, транспорт жана коммуникация, эл аралык интеграция жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу иштери боюнча министрликтер жоюлуп, алардын экөөсү агенттикке айландырылса, эл аралык интеграция министрлиги такыр жоюлуп, анын милдеттери тышкы иштер министрлигине жүктөлдү. Ошол эле мезгилде миграция департаменти тышкы иштер министрлигинен ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилүүдө. Андан сырткары жаңы структурада маданият министрлигин түзүү каралган.

Ал эми өкмөткө баш ийген административдик тармактык мекемелердин саны 19дан 15 кыскарган. Кээ бирөөлөрү президентке баш ийген борбордук органдардын саны 28 болууда. Алардын арасында сот органдары, улуттук коопсуздук кызматы жана башка органдар бар.

Айрым депутаттар бул долбоорду кескин сынга алса, айрымдары анын оң жактарын белгилешүүдө. Маселен депутат Темир Сариев вице-премьер-министрлердин кыскарышын оң баалап,буларга токтолду:

- Он эки министрлик, бир комитет кылышыптыр. Буга макул болсо болот. Ошол эле убакта агенттиктер боюнча талаш-тартыштар бар. Анан көбүнчөсү президенттин алдында боло турган борбордук уюмдардын өкмөттүн курамына кирбей калгандыгы боюнча чоң талаш бар.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Камбаралы Конгантиев долбоор тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Мурункуга караганда айырма бар. Конституциянын 46 беренесине ылайык, өкмөтүн структурасын президент аныктайт. Азыр долбоорго карата кандайдыр пикир айтуу эрте болуп турат, анткени тийиштүү комитеттин жыйыны боло элек.

Ал эми депутат Марат Султанов өкмөттүн жаңы структурасын кескин сынга алды:

- Мен бул структураны колдой албаймын. Себеби, бул структурада 12 министрлик, бир комитет бар экен. Андан тышкары агенттиктер министрликтин алдында эмес, өкмөттүн, же президенттин алдында болуп калыптыр. Башкача айтканда, биз мурункудай эле абалга келип жатабыз.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым-укуктуу өкүлү Данияр Нарынбаевдин билдирүүсүнө караганда, парламенттин тийиштүү комитети структура жөнүндөгү мыйзам долбоорун жума күнү карап чыккандан кийин, дүйшөмбү күнү жалпы парламенттин кароосуна коюлат.

Өкмөттүн структурасынын бир нече варианты, тактап айтканда, Феликс Кулов, Данияр Үсөнов тарабынан өзүнчө иштелип чыккан долбоорлор президентке сунушталганы белгилүү. «Арнамыс» партиясынын өкүлдөрү Жогорку Кеңешке 8-сентябрда берилген долбоор кимге таандык экенин биле беришпестигин билдиришүүдө. Ал эми депутат Темир Сариев бул президент менен премьер-министрдин макулдашылган варианты дейт:

- Менин оюмча, бул премьер-министр менен президенттин макулдашкан долбоору. Анткени министрликтердин саны өзгөрүп кетиптир. Мурункусунда он бир болчу, азыркысында комитет кошкондо он үч болуп кетиптир.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG