Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

ЖОГОРКУ СУУ – ТӨМӨНКҮ СУУ ИКАЯСЫ


Сырдарыя алабында жайгашкан өлкөлөрдүн ортосунда олуттуу талаш жараткан маселе сууну чогуу пайдалануу болууда. Кыйладан бери Кыргызстан суу сактагычтарды, суу чарба жабдууларын, техникалык курулуштарды кармап турууга кеткен чыгымдарды тең бөлүшүү сунушун билдирип келатат. Азырынча коңшулар тарабынан демилге колдоо таба элек. Суудан чыкчу ыктымал чыр-чатактарды болтурбай коюунун жолдору 9-сентябрда Бишкекте ачылган эларалык конференцияда талкууланды.

Жыйынга катышкан вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров мурдагы кыргыз өкмөтү өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгын коңшулар алдында жакшылап коргой албаганын белгилеп, суу сактагычтарды, дегеле суу чарбасын жөнгө салууга кеткен чыгымдарды Сырдарыянын боюнда жашаган өлкөлөр чогуу көтөрүшү керектигин билдирди.

Казакстандык окумуштуу Абай Турсунов бул маселе азырынча дарыянын төмөн жагында жайгашкан өлкөлөрдө терең аңдала электигин белгилеп, сууну пайдалануу боюнча бир келишимге коңшулар сөзсүз келиш керек, деп эсептейт:

- Кыйын жери көп илимпоздор суунун мол болгонун сезе албай жүрүшөт. Ошондон алар эски көз караштан чыга албай, суу азайып баратат деп эмитен эле чуу салып, үрпөйүп алышты. Төмөндө турган казактар менен өзбектер кыргыздарга ишенбөөчүлүк менен карашат. Алар дагыле суу аз деп ойлошот. Сууну алгыла деп кыргыздар бизге жалынуусу керек. Алар бизди топон суунун алдында калтырышпайт деп ойлойм.Төмөнкү калктын жагдайын да ойлоо керек. Болочок заманда ошондой болот.

Кесиптешинин мындай пикирин Өзбекстандан келген окумуштуу Лензи Шерфидинов да колдоорун жашырган жок.

- Койсоңорчу, практикада эч качан эч ким сууга акча төлөгөн эмес. Жабдуулар боюнча болсо, жабдууларды иштетип силер кайра бизге зыян келтирип жатасыңар. 90 пайыз энергия өндүрүп силер бизге зыян келтирип жатасыңар. Ошон үчүн эмнеге акча төлөшүбүз керек?

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары институтунун директору академик Дүйшөн Маматкановдун маалымдашынча, Кыргызстан жыл сайын коңшуларга суу сактап берүү, жабдууларды, техникалык курулуштарды кармап турууга 6 миллиард сом сарп кылат. Өзбекстан болсо сугат сууну пайдалануунун эсебинен жыл сайын 800 миллион доллар пайда табат. Д. Маматканов мөңгүлөр тез эрип, суунун мол болуп жатышына коңшулар сүйүнбөй деле койсо болот деген пикирде.

- Климат өзгөрүлүп, мөңгүнүн баары кетип атат. 15 – 20 жылдан кийин суунун жарымы жок калат. Булар эртеңкисин ойлобой жатышат. Суу көп болгондо деле кышкысын электр өндүргөнгө деп жайкысын эки жума эле жаап койсок, Өзбекстан менен Казакстан күйүп кетет. Аны түшүнбөй жатышат. Биз иштей берсек, кийин бизге сууну сактап бергиле, суу жетпей атат деп келишет.

Деңизге жеткичекти топ өлкөнү аралап өткөн суунун айынан жаңжал чыгып кетишине жол бербөө үчүн илимпоздор кандай иштерди жасашы керек? Германиянын Гессен университетинин профессору Эрнст Гизенин пикири боюнча, ириде чоң суунун жээгиндеги өлкөлөр принципиалдуу маселелерди ачык айтып чечип алышы лаазым.

- Бул проблема мага жакшы тааныш. Аны туура чечиш үчүн жалгыз эле бир өлкөнүн эмес, башкаларынын да сунуш-пикирлерин толук угуп, маселени көп кечиктирбей принцибинде чечиш керек. Буга чейин талаштын себебин технология менен технократиянын ичинен издеп келишти. Бул деле маанилүү нерсе. Бирок да бул жерде экономикалык кызыкчылык да сөзсүз эске алынышы зарыл. Ошондой эле калктын экологиялык проблемаларды терең аңдоосуна жетишин, экологиялык маданиятка ээ болуусун күтүү абзел.

Эгемендиктин шарапаты менен Сырдарыя алабында төрт өз алдынча өлкө, суу маселесин мунасага келип чечүүгө мойну жар бербеген мамлекеттер пайда болду. Глобалдык жылуулуктун айынан мөңгүлөр тез эрип, суу ташкындар арбып, чөлкөм чоң суунун түйшүгүн башынан кечирүүдө. Бирок бул убактылуу көрүнүш. Казакстандык окумуштуу Абай Турсуновдун ырасташынча, суунун ташып же тартылып турушу мезгил-мезгили менен кайталануучу процесс.
XS
SM
MD
LG