Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:05

ЖАҢЫ ОРЛЕАНДЫ КАПТАГАН СУУ ТАРТЫЛГАН САЙЫН ВАШИНГТОНДО САЯСИЙ КҮРӨШТҮН ТОЛКУНУ КӨТӨРҮЛҮҮДӨ


Кошмо Штаттардын Сенаты менен Өкүлдөр палатасы капсалаң тийген чөлкөмдөргө жардамдын берилишин териштирүү үчүн биргелешкен комиссия түзмөй болушту. Шаршембиде жарык көргөн сурамжылоолого ылайык, америкалыктардын 42 пайызы Буш администрациясы кризисти чечүүдө начар аракеттенүүдө деп эсептешет. Анын аралыгында, Буш “Катрина” ураганынан жапа чеккен аймактарга 50 миллиард доллар жардам бөлүп берүүнү Конгресстен суранды.

Жаңы Орлеанды каптаган суу тайыздаган сайын Вашингтондо саясий күрөштүн толкуну көтөрүлүүдө. Президент Буштун оппоненттери аны компетенттүүлүгүнүн жоктугу, таш боордук үчүн күнөөлөп жатышат.

Биринчилерден болуп президентти сенатор Хиллари Клинтон катуу сынга алды:

- 27-августта, башкача айтканда ураган баштала электе президент чукул кырдаал жөнүндөгү декларацияга кол койгондо, федералдык өкмөт алааматты алдына алууну өз колубузга алабыз деди эле. Бирок кандайдыр бир себептерден улам, андай болгон жок. Менимче, өкмөт каталарды териштирүүнү өз алдынча жүргүзө албайт. Ошон үчүн биз көз карандысыз комиссия түзүүгө үндөп жатабыз.

Демократтардын Сенаттагы лидери Нэнси Пелози болсо Клинтондон айырмаланып радикалдуу чечимдерди талап кылды. Ал президенттин кишиси, Күтүүсүз кырдаалдар агенттигинин жетекчиси Майкл Браун кызматынан кетсин деди. Буга чейин Браун ат чабыштарды уюштуруу менен алектенип келген.

- Буштун чечимдерине көп нерселер багыңкы. Эч тажрыйбасы жок Майкл Браунду агенттиктин башчылыгына ал өзү дайындаган. Мен президентке Браунду кызматынан алышыңыз керек десем, ал: “Эмне үчүн?” - деп кайра менден сурады. “Өткөн жумада көп ката кетирилгендиги үчүн”, - десем, президент: “А эмне туура эмес жасалды? - дейт. Унутчаак, болуп турган нерсени танган, кооптуу дээр элем.

Буш администрациясы жалгыз гана демократтардын эмес, башкалардын да сынына кабылды. Америкалык саясий аналитик Норман Орнштейндин пикири төмөнкүчө:

- Азыркы администрация өз каталарын мойнуна алганды жек көрөт. Андыктан кимдир бирөөлөр кызматтарынан алынат, же сын пикирлер туура айтылып жатат деген сөздөрдү күтпөй эле койсо болот. Анын ордуна жоопкерчиликти Луизиананын губернатору Кэтлин Бланко жана Жаңы Орленадын мэрине жүктөп салуу аракеттерин байкап жатабыз.

Ошентип, саясатчылар талашып-тартышып жаткан кезде Жаңы Орленада полиция менен аскерлер шаарды үймө-үй кыдырып, мэр Рой Нэгиндин жалпы эвакуация жөнүндөгү буйругунун аткарылышын көзөмөлдөп жатышат. Калаада 10 миңден азыраак киши кала берүүдө деп болжолдонууда.

Дарыгерлердин айтымында, суудагы бактериалардын деңгээли нормадан 10 эсе жогору. Буга карабай, ич келте же кара тумоо өңдүү илдеттердин жайылуу коркунучу төмөн, - дешет адистер.

Бирок аламааттын экономикалык жана социалдык кесепеттерин жоюуу үчүн дагы көп убакыт жана каражат талап кылынаарын эч ким танбайт. 400 миңге жакын киши жумуш ордунан айырылды, камсыздоо компаниялары кыйрап калган ишкана, турак-жайлар үчүн 35 миллиардка жакын акча төлөп берүүгө тийиш. Анткени менен кээ бир аналитиктер кырсыкка кабылган аймактарды калыбына келтирүү көптөр болжолдогондон тезирээк аякташы мүмкүн дешет.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG