Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

УКРАИНА ЖАҢЫ ӨКМӨТ ТҮЗҮҮ АРАКЕТИН БАШТАДЫ


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары Украинанын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Юрий Ехануров жаңы өкмөт курамын түзүү боюнча кеңешүүлөрдү баштады. Ал эми экс-премьер министр Юлия Тимошенкону колдогон парламенттеги фракция Виктор Ющенкого ишеним көрсөтпөй тургандыгын билдирди. Президент Ющенко болсо парламенттеги фракция өкүлдөрү менен жолугушуп, саясий туруктуулукту камсыз кылууга чакырды.

Украинанын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Юрий Ехануров азыркы учурдагы эң башкы милдет өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кылуу жана өкмөт эл үчүн иштей тургандыгына карапайым калкты ишендирүү деп билдирди:

- Мамлекеттеги эң башкы нерсе туруктуулук жана карапайым адам өлкөдө президент, парламент, өкмөт бар экендигин сезип, бийликтин бардыгы эл үчүн иштеп жаткандыгына ишенүүсү зарыл.

Украинанын жаңы өкмөтүнүн алдындагы башкы милдет- сары-кызгылт революция маалында Ющенко берген убадаларды аткарып, элдин үмүтүн актоо. Себеби, өкмөт ичиндеги өз ара тирешүүлөр ири реформаларды жасайм деген Ющенкого элдин ишенимин абдан эле төмөндөтүп салган. Маселен, Экономикалык жана саясий иликтөөлөр борборунун Киевдеги Разумков бөлүмү ушул жылдын апрель айында жүргүзгөн сурамжылоого жооп бергендердин 23 пайызы өкмөт туура эмес жолду тандап алды дешкен. Август айындагы сурамжылоодо болсо андай пикирдегилердин саны 43 пайызга өсүп кеткен. Сурамжылангандардын 32 пайызы гана өлкөнүн өнүгүүсү өз нугунда десе, 54 пайызы экономика өткөн жылдагыдан төмөн түштү деген оюн билдиришкен.

Разумков борборунун өкүлү Олександер Литвиненконун баамында, Юрий Ехануров элдин мындай нааразылыгын басаңдатууга жарайт:

- Юрий Ехануров Украина саясатында белгилүү адам. 90-жылдардын орто ченинде ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин башында турган. Украинадагы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн алгачкы баскычы анын жетекчилиги менен болгон. Андан кийин өкмөттө вице-премьер министр, министр кызматтарында иштеген. Ал мамлекеттик башкарууну жакшы билген жана экономикалык саясатта кесипкөй адам.

Литвиненконун баамында, оппозициядагы саясатчылардын Ехануровго каршы кое турган дооматтары жок жана кызматтан кетирилген Юлия Тимошенкодой саясий дымагы күчтүү эмес. Анын үстүнө ал Ющенконун партиясына жакын болуп, анын ишенимине кирген адам. Мына ушул жагдайлардан улам ал өкмөттүн курамын технократтардан түзүп, жакшы премьер-министр катары элге жакын да боло алат. Эгер өкмөт курамы технократтардан турса идеологиялык жактан ич ара карама-каршылыгы аз болот. Анткени, көпчүлүк учурда популисттик кадамдарга барган Тимошенко менен либералдык саясатка ыктаган Ющенконун көз караштары карама-каршы келип калып жатты.

Украинанын айрым серепчилери азыр Тимошенко оппозиция тарапка өтүп, Ющенкого катуу бут тосот деп айта башташты. Олександер Литвиненконун баамында, Тимошенконун андай кадамга баруусуна кубаты жетпейт. Себеби, газ, мунай, кант тармагындагы ызы-чуулуу ишкердигинен улам эл арасында түшкөн кадырын революция учурунда Ющенкону колдоп, анын жанында туруу менен калыбына келтирген. Ошого карабастан Тимошенко Украинанын сары-кызгылт өкмөтү 7 айдын ичинде кээ бир өкмөттөр 14 жыл ичинде жасабаган ишти жасады, деп билдирди серепчи.

Украина ичиндеги саясатчылардын башы ушундай маселелер менен ооруп турган менен Ющенкого сырттагы коңшулары колдоо көрсөтүп жатышат. Орусиянын президенти Владимир Путин кыйын учур башталды деп алапайга түшүүгө негиз жок экендигин билдирди:

- Мен азыр Украинада болуп жаткан окуяларды көбүртүп-жабыртпайт элем. Украинанын эли менен жетекчилиги туура жолду табат деп ишенем. Орусия өз тарабынан бул өлкөдө туруктуулукту камсыз кылууга көмөк берет.

Ал эми Украинага чейин революция болгон Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Тимошенконун өкмөтүн кетирип туура чечимге барды деп, Ющенкону кубаттады:

- Чечим мени эч таң калтырган жок. Мен аны билчүмүн жана аны көптөн бери байкап жүрчүмүн. Ал ушундай чечимге барыш керектигин жакшы билчү. Ал өлкөнү өнүктүрүүнү тездетүү жакшы экендигин билет жана ал биз үчүн да маанилүү.

АКШнын мамлекеттик департаменти, ЕвроБиримдик жана Кыргыз өкмөтүнүн өкүлү Адахам Мадумаров да Ющенкого колдоосун билдиришти.

XS
SM
MD
LG