Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Аба ырайы


БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында, 10-сентябрда Кыргызстандын аймагы боюнча дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +9...+14, күндүз +21...+26 градус жылуу. Талас жергесинде түнкүсүн +5...+10, күндүз +20...+25 градус. Баткен, Ош, Жалалабат облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +25...+30 градус ысык болот. Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +19...+24 градус. Тоолуу Нарын аймагында түнкүсүн +4...+9, күндүз +20...+25 градус жылуу.

Борборубуз Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +12...+14, күндүз +23...+25 градус.

Күндүн узактыгы 12 саат, 46 мүнөт.

Кабарлар топтомун Аманбек Жапаров, Азиза Турдуева жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG