Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Москвада Кыргызстандын күндөрү өтүүдө


БИШКЕК. 9-сентябрда Москвада Кыргызстандын күнү улантылды. Бейшембиде Кыргызстандын делегациясын Москванын мэри Юрий Лужков кабыл алып, анда эки тараптуу кызматташуу, маданий байланыштар тууралуу сүйлөшүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. Быйыл Кыргызстан менен Москванын товар жүгүртүүсү 20 млн. долларды түзүп, 6 пайызга өскөн. Ошондой эле вице-премьер-министр Ишенгүл Болжурова жетектеген делегация “Московский Комсомолец” гезитинде маалымат жыйынын өткөрүп, “Кыргызстан - туризм өлкөсү” деген аталыштагы көргөзмөнү ачышты.

9-сентябрда Горький атындагы эс алуу багында “Ордо сахна” фольклордук ансаблинин жана Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин чоң программадагы концертин тартууланды. Москвага барган Кыргызстандын делегациясынын курамында 70 ишкерди кошпогондо 165 адам бар.

XS
SM
MD
LG