Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Нарында Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланды


НАРЫН. 9-сентябрда Нарын шаарында шайлоо кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча өткөн облустук конференцияга борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдыраимов катышты. Анда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктары тууралуу сөз болуп, Туйгуналы Абдыраимов президенттик шайлоо таза, мыйзамдуу өттү дегенге кошулбастыгын айтты жана анын себеби Шайлоо кодексинин беренелеринин карама-каршылыгында экенин белгиледи. Конференцияда айтылган облус коомчулугунун ой-пикир, сунуштары республикалык конференцияга сунушталат. Аталган конференцияга Нарын облусунан жалпы жүзгө чукул адам катышты. Жыйын БУУнун Өнүктүрүү программасы менен ЕККУнун каржылык колдоосунда уюштурулду.

XS
SM
MD
LG