Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:59

Диний экстремисттик көз караштагы баракчаларды тараткандар кармалды


БИШКЕК. Шаршемби күнү Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан район аймагындагы жатаканалардын биринде диний экстремтисттик көз караштагы китепчелерди таратып жүргөн “Хизб ут-Тахрир” диний уюумунун 2 мүчөсү кармалган. Алардын бирөөсүнүн Арчабешик кичи районундагы үйүн текшергенде 400гө чукул диний көз караштагы китептер табылган. Шектүү делип кармалгандардын түбү Ош облусунун Ноокат районунан. Алардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG