Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

Улуттук гвардиянын колбашчысы дайындалды


БИШКЕК. 9-сентябрда президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Улуттук гвардиянын колбашчысы болуп Султан Курманов дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Султан Курманов буга чейин Улуттук гвардиянын колбашчысынын орун басары болуп кызмат өтөп, эмгек эс алууда жүргөндүгүн аталган гвардиянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Коопсуздук кеңешинин 24-августта өткөн отурумунда Бишкекте 17-июлдагы массалык тартип бузуулардын алдын алган эмес деген негиздеме менен Улуттук гвардиянын мурдагы кол башчысы Абдыгул Чотбаев кызматынан четтетилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG