Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

БУУнун саммитинде Кыргызстандын президенти бир катар өлкө жетекчилери менен жолугушат


БИШКЕК. 13-17-сентябрь күндөрү Нью-Йорко өтүүчү Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө өлкө башчыларынын саммити учурунда Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев бир катар өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушат. Президент БУУнун Баш катчысы Кофи Аннан, Европа Биримдигинин Улуу комиссары Хавьер Солана, Швейцариянын президенти Самуэль Шмид, Венгриянын мамлекет башчысы Ласло Шой, Украинанын президенти Владимир Ющенко, Финляндиянын президенти Тарье Халонен, Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх жана башка бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугушат. Президент Бакиев Нью-Йорктогу саммиттин учурунда АКШнын ишкер чөйрөсү менен да жолугушуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу 9-сентябрда өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG