Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Жогорку Кеңештин комитети өкмөт түзүмүн талкуулады


БИШКЕК. 9-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук комитетинде президент тарабынан сунушталган өкмөттүн жаңы түзүмү тууралуу мыйзам долбоору талкууланды. Талкууда айрым депутаттар өкмөт түзүмү тууралуу долбоорду кечээги күндүн түзуүмү катары баалады. Премьер-министр Феликс Кулов өкмөт түзүмү сырткы көрүнүшү менен эмес, ички маңызы менен өзгөргөнүн белгилеген. Талкуу соңунда долбоордогу көпчүлүк маселелерди депутаттар менен биргелешип жумушчу комиссия түзүү менен оңдоп чыгуу маселеси коюлган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөттүн түзүлүшү тууралуу долбоордо 12 министрлик, эки мамлекеттик комитет, эки вице-премьер-министр кызматы каралган. Министрликтерден сырткары өкмөттүн курамына кирбеген, бирок өкмөт алдында 15 административдик тармактык мекеме, өлкөнүн 28 борбордук органы сунушталууда. Ал эми азыркы структурада 14 министрлик, эки мамлекеттик комитет бар.

XS
SM
MD
LG