Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:46

Бакыт Аманбаев, Бишкек Украинанын президенти Виктор Ющенко 8-сентябрда Юлия Тимошенко жетектеген өкмөттү толук курамы менен кызматтан кетирди. Украинадагы мындай саясий окуяга кыргызстандык атуулдар түрдүү көз караштарын билдиришүүдө. Айрымдары Украин президентинин мындай кадамын туура дешсе, айрымдары Ющенко-Тимошенко биримдигиндей эле келечекте Бакиев-Кулов тандеми да ыдырашы ыктымал дешет.

Байкоочулардын баамында, сырттан караганда Украинадагы соңку бир нече айдын ичинде болгон саясий окуялар, Кыргызстандагы саясий окуяларга кандайдыр бир деңгээлде окшоп кетет. Маселен, Укаинадагы түстүү революциянын жеңишке жетишине убагында Виктор Ющенко менен Юлия Тимошенконун өз ара биригүүсү чоң рол ойногонун танууга болбойт. Ошол эле мезгилде Кыргызстандагы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевдин жеңишке жетишүүсүнө Кулов-Бакиев тандеминин ролу да аз болгон жок дешет талдоочулар.

Тимошенко-Ющенко тандеми жети айдан кийин ыдырап, бузулду. Буга байланыштуу коомчулукта Кулов-Бакиев тандеми боюнча да түрдүү пикирлер айтыла баштады. Анда эмесе сөз кезегин кыргызстандык саясатчыларга берели:

- Президент Ющенконун өкмөттү кетирүүгө укугу бар. Ющенко жалпы өкмөттүн ишинин эффективдүүлүгүн каалап жатат. Ушул өңүттөн Ющенконун кадамы туура. Ал эми мындай окуяга кандай саясий кадамдар таасир этти аны азыр айтуу эрте, - дейт Борбор Азиядагы Америка университетинин вице-президенти Бакыт Бешимов.

Ал эми вице-премьер-министр Адахан Мадумаров болсо, жалпысынан Ющенконун кадамын колдой тургандыгын билдирди:

- Эгерде президент мен бийликке келишиме ушуларга милдеттүү элем, алар мага жардам берди эле деп эки жакты карап, кылчактай бере турган болсо, эч убакта ийгиликке жете албайт. Анткени өкмөт менен президент бирдиктүү саясат жүргүзүш керек. Эгерде алар эки түрдүү аракеттенишсе, адан жыйынтык болбойт.

Ал эми укук коргоочу Рамазан Дырылдаев болсо, Украинадагы мындай окуя Орусиянын түздөн-түз таасиринен болду дейт:

- Менин оюмча Украинадагы окуя Орусиянын таасиринен болду. Орусия газ бербей, экономикалык блокада кылгандыгы үчүн ушундай болду. Ошондой эле соңку мезгилдери Орусиянын маалымат каражаттарында жалаң Украинаны жамандаган берүүлөр көрсөтүлүүдө. Анын баары жөн жерден болгон жок. Орусиядан жакшылык күтүүгө болбойт.

Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыпов Украинадагы окуя келечекте Кыргызстанда да кайталанышына мыйзамдык негиз бар экенин белгилеп, ага төмөндөгүдөй жүйөө келтирди:

- Кайталанбайт деп эч ким кепил боло албайт. Эгерде мыйзам аркылуу карай турган болсок, Кыргызстандагы бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары адилет бөлүнгөн эмес. Ошондуктан Конституциялык реформа болуш керек деп жатабыз. Биздин Баш мыйзамды мурдагы президент өзүнө ылайыктап жазып алган. Демек Баш мыйзамда ушундай карама-каршылык болгондуктан, андай тирешүү иш жүзүндө болбойт деп айтуу кыйын.
XS
SM
MD
LG