Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:55

Украинада жаңы өкмөт түзүү иши башталды


Президент Виктор Ющенко премьер-министрдин кызматына Юрий Ехануровдун кандидатурасын сунуш кылганы жатат. Ехануровго ал кабинет башчысынын милдетин аткарууну тапшырган. Президент Ющенко парламенттеги фракция башчылары менен жолугушуп, депутаттарды саясий келишим түзүүгө жана жаңы кабинет менен кызматташууга чакырды. Экс-премьер Юлия Тимошенконун парламенттеги блогу президенттин чечимин айыпташты. Фракциянын мүчөлөрү президенттин тегерегиндеги коррупционерлерди калкалап калуу максатында Тимошенконун өкмөтү кызматтан четтетилди деп эсептешет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG