Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

АКШ 16-СЕНТЯБРДА АЗА КҮТӨТ


Президент Жорж Буштун жарлыгына ылайык, 16-сентябрь “Катрин” капсалыңынын курмандыктарын эскерүү күнү болот. Табигый апааттан бери 12 күн өтсө да, АКШнын Түштүк жээгине келтирилген зыяндын өлчөмү, набыт болгон адамдардын саны так аныктала элек. Жаңы Орлеанга жасат салынчу 25 миң кап жөнөтүлдү. Шаардын мэринин болжолунда, топон суу бери дегенде 10 миң адамдын өмүрүн алган.

Бейшемби күнү Президент Жорж Буш бийликтер табигый кырсыкта жабыр тарткан адамдардын түйшүгүн жеңилдетүү үчүн бар аракетин жасап жатканын жана өкмөт табигый кырсык мүшкүлгө салган санаксыз адамдардын ар бирине 2 миң доллардан жөлөк пул бермекчи болуп жатканын жарыя кылды:


- Биздин макстабыз жардам акчаны берүү эмес, аны алууну мүмкүн болушунча жөнөкөй жана жеңил кылуу. Бул там-жайсыз калган он миңдеген адамдардын мамлекет алдына койчу талаптарына жоопкерчилик менен мамиле кылуу. Алдыбызда оор күндөр бар. Өзгөчө, капсалаңда набыт болгондорду тапкандан кийин.

Бийлик өз ишмердүүлүгүнө элди ынындыруу үчүн ыкчам кыймылдашы абзел экенин соңку сурамжылоо көрсөттү. Суралган адамдардын 58 проценти президент Буштун администрациясы куткаруу иштерин илең-салаң жүргүздү деп санаса, 32 процент эл өкмөттүн ишмердүүлүгүн оң баалайт.

Азыр Түштүк жээкте шашылыш жумуштардын аткарылышын көзөмөлдөп жүргөн вице-президент Дик Чейни куткаруу иштери канааттандыралык деңгээлде жүрүп жатат деп санайт:


- Менин оюмча, куткаруу иштеринде маанилүү жылыштар бар. Бул иштердин аткарылышы, жер-жерлерден мен алган маалыматка караганда, ырасында эле көзгө сүртөрлүк деп ойлойм.

Чейни калабалуу аймакта, президенттин тапшырмасына жараша, дагы бир нече күн болот.

Жаңы Орлеандын полиция акими Эдвин Компасс шаарды таштап кетүүнү каалаган адамдар чыгарылып бүтөр менен, полиция үймө-үй кыдырып, калган адамдарды күчтөп, коопсуз аймактарга жөнөтө турганын бейшемби күнү маалымдады:

- Азыр бардык аракетим калаадан кетүүнү каалаган адамдарды чыгарууга жумшалууда. Бул жумушту аяктар замат биздин күчтү үймө-үй кыдырып, кеткиси келбеген адамдарды шаардан алып чыгууга жумшайбыз.

Учурда Жаңы Орлеандагы 148 насостук станциянын 37си гана иштөөдө. Аскерий инженерлердин эсебинде, шаардан сууну сордуруу үчүн азы 80 күн керек.

АКШ Конгресси топон сууда жабыркаган Түштүк жээкке жардамга дагы 51 миллиард доллар чегерди. Мурда 10,5 миллиар доллар бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG