Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:19

МИСИРДЕГИ ШАЙЛОО КИМГЕ МИСАЛ?


Египетте шаршемби күнү болуп өткөн президенттик шайлоодогу добуштардын санагы уланууда. Анын ырасмий жыйынтыктары ишембиге барып чыгарылат. Мамлекет башчысынын мандатына он киши талапкер болушту. Байкоочулар бийликте кайрадан эле Хосни Мубарак каларында калет жок дешет. Алар ошондой эле добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар көп болгонун белгилеп, бирок бул Египеттеги альтернативдүү биринчи шайлоо экенин да эске салып жатышат.

Египетте буга чейин парламент президенттикке жападан-жалгыз гана талапкер көрсөтүп, ал жалпы элдик добушка салына турган. Хосни Мубарак ушундай жол менен өлкөнү чейрек кылымдан бери башкарып келатат. Бул ирет ал эл аралык коомчулуктун, биринчи кезекте Вашингтондун кысымы менен оюндун эрежесин өзгөрттү жана альтернативдүү шайлоо өткөрүүгө макул болду. Мубаракка бул кадам өз аброюн көтөрүү, арап дүйнөсүндөгү биринчи демократ атануу үчүн да керек эле.

АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Маккормак мисирликтер бул жолкудай президенттик шайлоону эзели көрбөгөндүгүн эске салды. Бу шайлоонун жүрүшүндө көп талаш-тартыштар болду, эми да ар түрдүү пикирлер айтылары бышык. Мунун баары Египеттеги мындан аркы саясий тажрыйбага омок болот, бул болгону иштин башталышы гана, деп айтты Маккормак.

Адам укуктары боюнча Мисирдеги уюмдун өкүлү Мохаммед Алсави добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар өтө эле көп болгонун, адамдарды мажбурлап, автобустарга жүктөп алып келишкенин, алар жашыруун кабиналарда эмес, ачык эле добуш беришкенин айтып берди. Алсавинин айтымында, адилет шайлоого чындап кызыкдар экенин, өлкөгө жаңы саясий турмуш келгенин көрсөткөнгө Египет бийликтеринде кеңири мүмкүндүк бар эле, бирок өкмөт муну пайдаланган жок.

Ал эми юрист Заил ал-Елеми шайлоо комиссиясынын башчысы байкоочулар бардык участкаларга эркин кире алат, деп ишендиргенине карабастан эч жерде эч кимге буга мүмкүнчүлүк беришпегенин ырастады.

Мубарактын башкы атаандашы – негизги оппозиционер Айман Нур өлкөдөгү шайлоо системасын сынга алды. Мыйзамдарга ылайык, паспорту же башка бир тастыктама документи барлар гана шайлоого катыша алат, андайлар калктын элүү проценттейин түзөт.Эмне үчүн калгандары президент үчүн добуш бере албайт? - деп таңданат мисирликтердин башкы оппозиционери.

Президенттин уулу Гамал Мубарак болсо шаршемби күнкү шайлоону Египеттин тарыхындагы бурулуш учур деп атады. Атасы жалпы элдин колдоосун аларына ал бөркүндөй ишенет. Соңку маалыматтарга ылайык, Мубарак чын эле добуштардын 70 процентин алып, жалпы санакта алдыда баратат.
XS
SM
MD
LG