Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮНДӨГҮ ТИРЕШҮҮЛӨР УКРАИНАДАГЫДАЙ АБАЛГА АЛЫП КЕЛБЕЙБИ?


Кыргыз өкмөтүндө премьер-министр менен вице-премьер-министрлер ортосунда карама-каршылыктар орун алууда. Бул тирешүүлөр ыңкылап шартында келген өкмөттүн күнүн кыскартып, ишин үзгүлтүккө учуратпайбы?

Украинанын ыңкылапчыл өкмөтүнүн чуу менен кызматтан кетүүсү Кыргызстанда да ушундай болбойбу? - деген чочулоону пайда кылууда. Чочулоону кыргыз өкмөтүнүн жетекчилеринин ортосундагы токтобогон тирешүүлөр күчөтүүдө. Кагылышуу премьер-министр Феликс Кулов жана вице-премьер-министрлердин милдетин аткаруучулар Данияр Үсөнов, Адахан Мадумаровдун ортосунда жүрүүдө. Бакиев менен Куловдун тандеми түзүлгөндөн кийин эле башталган бул тирешүү 7-сентябрда бюджетке байланыштуу өкмөт жыйынында дагы бир ирет ачыкка чыкты. Анда Феликс Кулов “эки вице-премьер-министр мени президент Бакиев менен кагылыштырууга аракеттенүүдө» деп билдирди.

Мындай ачык ачык карама-каршылыктарга карабай шайлоо алдында алган милдеттенмелерине ылайык Курманбек Бакиев үчөөн тең жогорку бийлик орундарында калтырууга аргасыз. Айрым маалыматтарга караганда, Курманбек Бакиев Данияр Үсөновду биринчи вице-премьерликке, ал эми Адахан Мадумаровду вице-премьер-министрлик кызматка сунуштоого ниеттенүүдө.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Орозбек Дүйшеев мындай карама-каршылыктан чочулабаш керек деген пикирде:

- Талашып-тартышкандан тактык чыгат. Ошондой талашып отуруп, бекиткенден кийин бир кишидей болуп иштеш керек. Ал эми кабыл алууда пикир келишпестиктер болсо, эч нерсе болбойт. Бул демократиянын бир көрүнүшү.

Ал эми «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаковдун айтымында, эгерде кыргыз өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда негизги багыт боюнча бир пикир болбосо Украина варианты кайталанышы ыктымал:

- Ар бир бийликтин мүчөлөрүнүн ортосунда негизги, өзөктүү маселелер боюнча жалпы түшүнүк болбосо, ушундай нерселер боло берет. Тарыхта ушундай болгон. Азыр деле ушундай болуп жатат. Эми бизде ушундай кайталанабы деген суроого жооп бериш үчүн, биз адегенде азыркы бийликтегилердин өзөктүү маселелер боюнча пикири бирби деген суроого жоопту билишибиз керек.

Абдуразаковдун пикиринде, 24-марттагы ыңкылап, президенттик шайлоону тездетти. Мына ошондуктан өлкөдөгү саясатчылар өзөктүү маселелер боюнча пикирлерин тактап, бир команда болуп түзүлө албай калды. Бирок бийликтеги саясатчылар эл мүдөөсүн жогору койсо, анда майда-чүйдө чатактар аларды кебелте албайт.

Өкмөт жетекчилери болсо кызматтан кетип калуусу мүмкүн экенин, же кайсы шартта жаңы өкмөттө иштей тургандыктарын ачык айтууда. Мына ошол 7-сентябрдагы жыйында премьер-министр Феликс Кулов «эгерде мен интрига жасап, көшөгө артында оюн уюштуруп жатканымды бетиме айтып, далилдеп берсеңер кызматтан кетип калайын» деп эки вице-премьер-министрге кайрылды.

Данияр Үсөнов болсо жакынкы күндөрдөгү бир интервьюсунда, «Менин оюмча, чечүүчү учур келди. Өлкө өнүгүп алдыга кетет, же Орусия, Казакстанга айласы куруп кеткен 500 миң адамдын артынан, мага окшогон адамдардын тобу кетет» - деп айтты.

Ал эми Данияр Үсөновдун пикирлеши, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров өзүнүн бул өкмөттө иштөө шарты тууралуу буларды билдирет:

- Карап көрөбүз, бюджет биз каалагандай алынабы, алынбайбы? Бул бир жагы. Пенсиялык саясат биз айткандай кетеби, кетпейби? Электр энергетика тармагындагы тариф саясаты Кыргызстан мүмкүнчүлүгүнө жараша болобу, же бир кишинин каалоосуна жараша чечилеби? Эгерде ушулардын баары элге, мамлекетке пайда алып келе тургандай болуп, ачык саясат жүргүзүлө турган болсо, мен өкмөттө иштөөгө даярмын.

Премьер-министр Феликс Кулов жана анын тарапкерлери өкмөттүн ыйгарым-укуктарын тактап, мүмкүн болушунча премьер-министрдин укуктарын кеңейтип алууга аракеттенүүдө. Ошол эле кезде ал президенттин тарапкерлеринин каршылыгына туш болууда. Мындай шартта Конституциялык реформаны тездетүү жана ошонун алкагында бийлик органдарынын ыйгарым-укуктарын тактап алуу өлкөнү ар кандай кокустуктардан, көмүскө күрөш, тирешүүлөрдөн арылышына шарт түзөт, деп эсептешет, жергиликтүү талдоочулар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG