Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:42

ЧУУЛГАНДУУ КЫЛМЫШТАРДЫН КҮЧӨШҮНҮН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?


Кыргызстан аймагында уюшкан кылмыштуулук эмне себептен күчөп кетти, ага каршы кантип күрөшүү керек деген маселе азыр коомчулуктун тынчын кетирүүдө. Ал эми коомдук-саясий чөйрөдө анын себеп-жайы ар башкача чечмеленип жатат.

5-сентябрда Карасуу районунда эки кишинин атып өлтүрүлүшүн талдоочулар Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулуктун күчөп бараткандыгынын дагы бир далили катары белгилешүүдө. Быйыл буга чейин атышуулар Ош шаарындагы “Алай” мейманканасында болгон. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин өмүрүнө кол салуу аракети жасалып, ал эми Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Жыргалбек Сурабалдиев, белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов буйрутма киши өлтүрүүнүн курмандыктары болушту. Бирок мындай кылмыштарды ким жасагандыгы алигүнчө дарексиз.

Мындай жагдайды өткөн аптада депутат Тынычбек Акматбаев жетектеген Жогорку Кеңештин коргонуу, коопсуздук, тартип жана маалымат саясаты комитетинин отуруму кескин сынга алып, ар кандай кылмыштык топтордун аракеттери саясий өңүт алып бараткандыгын белгиледи:

- Кандайдыр бир саясий күчтөрдүн кагылышуусуна айланып бараткандай туюм калтырып атат. Анткени, саясий талаптар коюла баштады. Мобуну аткарасың, тигини жок кыласың, муну жок кыласың деп.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Шерниязов мындай пикирин Карасуудагы киши өлтүрүү боюнча коюлган талаптарга байланыштуу айтты.

Карасууда сөөк коюу учурунда нааразы тарап Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын кызматтан кетишин, Жогорку Кеңештин депутаты Баянман Эркинбаевдин жазаланышын талап кылган чакырыктар менен чыгышкан. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров Оштогу жолугушууда Карасуудагы окуяны 15 күн ичинде териштирип берүүнү мындан эки күн мурун убада кылды.

Кылмыштуулукка, айрыкча, Карасуу окуясына негизги көңүл бурулуп жаткандыгын бул аралыкта ички иштер министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Алымбай Султанов билдирди.

Бирок депутат Каныбек Иманалиевдин пикиринде, азыркы күч структурасынын кылмыш дүйнөсүнүн мизин кайтарууга чамасы чак:

- Азыр болжол менен кылмыш дүйнөсүнүн бюджети мамлекеттик бюджеттен эки эсе көп. Демек, азыркы бандит же киллер биздин атайын кызматтагы адиске, милиция кызматкерине караганда, алда канча мыкты куралданган. Транспорту алда-канча сапаттуу.

Каныбек Иманалиев кылмыш дүйнөсүнө тыштан, ичтен кубаттуу колдоо болгон үчүн да уюшкан кылмыштардын бети ачылбай жатат дейт. Ошондуктан, депутаттын оюнда, ички иштер тармагын реформалоо, материалдык базасын чыңдоо, ошондой эле өкмөттүн эсебиндеги бардык курал-жарактар кимдин колунда экенин кайрадан териштирип, каттап чыгуу керек.

Тартип коргоо кызматы болсо айрыкча акыркы кездери Ош аймагында болуп жаткан атышууларда Жалалабад облустук ички иштер кызматынан 2003-жылы уурдалып кеткен куралдар пайдаланылып жатышы ыктымал деп болжойт. Алымбай Султановдун айтымында, аны издеп табуу аракеттери ушу күнгө чейин майнапсыз болууда. Дегеле ички иштер кызматы пайдаланууга уруксат берилген көптөгөн куралдардын изин таба албай жатат.

Бийлик менен кылмыштуу топтордун биригип алышы кылмыштуулуктун күчөшүн шарттоодо деген көз караштагылардын бири, Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын мурдагы башчысы Өмүрбек Субаналиев. Ал буга мисал катары Акматбаевдердин колдоосунда жасалган Чолпоната шаарында Эртабылдынын эстелигинин ачылышына, Карасуу районундагы атып өлтүрүлгөн эки адамдын тажиясына мамлекеттик ишмерлердин катышуусун келтирет.

Мындай көз карашка вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров бөйрөктөн шыйрак чыгаруучулук катары карайт:

- Биригип атат дегендер конкреттүү аты менен айтыш керек… Анан бөйрөктөн шыйрак чыгарып, Эртабылдынын ачылыш аземин кандайдыр бир себептер менен бузуп жиберем дегендер болсо, ошолор да аман болсун.

Ал эми уюшкан кылмыштуулуктун күчөп кетишин Мадумаров кыргыз бийлигинин чечкиндүү чара колдонбой жаткандыгы менен түшүндүрдү:

- Кыргыз өкмөтүнүн, же болбосо кыргыз бийлигинин азыркыга чейин чечкиндүү чара колдонбогондугунан деп билем.

Расмий маалыматтарга караганда, 2001-жылдан бери Кыргызстанда буюртма жол менен киши өлтүрүү боюнча 36 факт катталган. Бирок алардын ичинен чуулгандуу кылмыштардын бири да ачыла элек. Муну айрым талдоочулар кылмыштуу топтордун бийликке караганда алда канча кудуреттүүлүгү менен негиздеп жатышат. Буга байланыштуу пикиринде, маселен, Өмүрбек Субаналиев кылмыштуу топторго каршы күрөштү президент Курманбек Бакиев өзү көзөмөлгө алышы керек дейт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG