Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Жалалабат облусунда 21 талаштуу жер бар


ЖАЛАЛАБАТ. Облустун аймагындагы кыргыз-өзбек чегарасы толук аныкталып бүтө элек. Коңшу өлкөлөрдүн облустагы чегара тилкесинин узундугу 721 чакырым. Чаткал районуна карашуу чегара жайларынан башка аймактарда аныктоо иши создуктурулууда. Мамлекеттер аралык чегара комиссиясы аныктоого тийиш болгон чегара сызыктары Аксы, Алабука, Ноокен, Базаркоргон жана Сузак райондоруна тиешелүү. Коңшу мамлекетте тууган-уруктары бар жана өз ара катташкысы келген эки өлкөнүн жарандары чегарадан өтөөрдө бир топ тоскоолдуктарга туш болушат. Ырасмий бийликтин билдирүүлөрүнө караганда, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда облустагы 21 жер такталуусу зарыл. Жергиликтүү элдин пикирлери боюнча, турмуштун айынан азык-түлүк жана буюм-тайым алып өтүп соода-сатык менен үй-бүлөсүн баккысы келгендер бажы жана чегара кызматтарына көз каранды болушат. Бажы жана чегара кызматтары акча өндүрүү максатында паспортун, же башка документтерин текшеримиш болуп жарандардын убактысын алуу жана айрым учурда зордук-зомбулук көрсөтүү адаттары тыйыла элек. Чегарага жакын кыштактарда мал уурулук менен кылмыштуулуктун башка түрлөрү улам кайталанууда.

XS
SM
MD
LG