Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Куш ылаңынын алдын алуу чаралары уланууда


БИШКЕК. Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык көзөмол департаментинин башчысынын орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 10-сентябрда “Азаттыка” билдиргенине караганда, илдеттин алдын алуу үчүн чек арадагы санитардык бекеттердеги күчөтүлгөн көзөмөл, Орусиядан жана Казакстандан канаттууларды жана жан-жаныбарлардын этин алып кирүүгө тыйуу салуу уланууда. Буга кошуна Казакстан менен Орусияда аталган илдеттин токтобой жатышы себеп болууда. Кыргызстанда буга дейре куш ылаңынын эч кандай белгилери байкалган жок. Нурболот Үсөнбаевдин пикиринде, ошондой болсо да сырткы миграциянын күчтүүлүгүнөн улам илдеттин Кыргызстанда да пайда болуу кооптуулугу дале сакталууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, канаттуулар тумоосунан былтыр Вьетнамда жана Таиландда 38 адам каза тапкан. 2005-жылы июль айынын баштап бул илдет Орусияны да каптап, андан соң Казакстандын Акмоло, Павлодар облустарында да каттала баштаган.

XS
SM
MD
LG