Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:07

Диний экстремизмге каршы концепция кабыл алынат


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү диний экстремизмге каршы мамлекеттик саясаттын коцепциясын иштеп чыгууга киришти. Мындай чечим Ишенгүл Болжурова башкарган дин иштери боюнча кеңеште кабыл алынды. Бул үчүн Орусияда жана Казакстанда иштеп жаткан коцепция үлгү катары алынмак болду. Адистердин айтымында, Борбор Азияда “Хизб-ут Тахрир”, “Акрамия” диний кыймылынан сырткары “Узун сакал”, “Адолат” “Ислам лашкерлери” өндүү чакан кыймылдар да көбөйдү. Бул концепцияны түзүүгө саясат таануучулар, илимпоздор, атайын кызмат өкүлдөрү жана диний адамдар катышат. Концепцияда дин экриндигин камсыз кылуудагы мамлекеттин милдеттери, өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирип жаткан диний агымдардын жайылышына бөгөт коюунун жолдору так жазылышы керек. Концепция декабрь айында өкмөткө жөнөтүлүп, андан кийин коомчулуктун талкуусуна коюлмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG