Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Каржылык чалгын кызматы түзүлдү


БИШКЕК. Президенттин басма сөз кызматынан 10-сентябрда алынган маалыматка караганда, аталган кызматты түзүү тууралуу жардыкка президент Курманбек Бакиев 8-сентябрда кол койгон. Бул кызмат өкмөт курамына кирбеген мамлекеттик орган болмокчу жана анын төрагасы президент тарабынан дайындалат. Каржылык чалгын кызматы өлкө атуулдарынын, коомчулуктун жана мамлекеттин укуктук жана мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо, терроризмди каржылоого каршы күрөштү күчөтүү, арам жол менен табылган каражатты “адалдоо”, өлкөнүн финансы системасындагы туруктуулукту камсыз кылуу максатында түзүлдү. Аталган кызматты уюштурууга жана каржылоого байланышкан маселелерди чечүү кыргыз өкмөтүнө, ал эми жардыктын аткарылышын көзөмөлдөө президенттик админстрациянын экономикалык саясат бөлүмүнө жүктөлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG