Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:11

АКШдагы мурдагы элчи Юта штатында иштейт


БИШКЕК. Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Бакыт Абдрисаев Юта өрөөнүн колледжине жумушка орношту. Ал өткөн аптада Вашингтондон Ютага көчүп баргандыгы жөнүндө америкалык “Дезерет Морнинг ньюс” басылмасына шилтеме берип, “Кабар” маалымат агенттиги жазып чыкты. Экс-президент Аскар Акаев 2004-жылы АКШга болгон сапары учурунда бул колледжге барып кеткен жана анын жетекчилиги менен жылуу мамиледе болгон. Аталган колледждин эл аралык мамилелр боюнча вице-президенти Расти Батлер “АКШ департаментинин чет элдик адамдар үчүн берилчү J-I үлгүсүндөгү визасына ылайык сырттан чакырылган окумуштуу катары Бакыт Абдрисаевди жумушка алдык” деп билдирген. Расти Батлердин айтымында, ал Борбор Азия жана ислам маселелри боюнча дасртарды окуйт. Август айынынын соңунда интернет- баракчаларда Бакыт Абдрисаев АКШдан саясий башпаанек сураптыр деген маалымат тараган. Ал АКШда 1996-жылдан тарта 24-марттагы ыңкылапка чейин элчи болуп иштеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG