Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Кытайда кыргыз-кытай чек арасына тиешелүү документтер такталат


БИШКЕК. Жума күнү өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов баштаган топ Кытай Эл Республикасына жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан 10-сентябрда билдиришти. Саламат Аламановдун сапар алдында “Азаттыкка” билдиргенине караганда, эки жумага созулчу жумуш сапарынын учурунда кыргыз-кытай чек арасын демаркациялоонун аякташы боюнча документтер такталат. Ошону менен такталган документтер чек арачыларга берилип, алар жаңы документтин негизинде мамлекеттик чек араны кайтарууга киришет. Кыргыз-кытай чек арасынын жалпы узундугу 1100 чакырымга барабар.

XS
SM
MD
LG