Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Египет оппозициясы Мубаракка каршы


Египеттеги оппозиция 7-сентябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп билдирди. “Гхад” деген партиянын президенттик үчүн ат салышкан лидери Айман Нур мамлекет башчылыкка бешинчи жолу шайланып жатып, элдин 88 пайыз добушун алган Хосни Мубарактын жеңишин тааныбай тургандыгын билдирди. Ал өзү расмий маалыматтагыдай шайлоочулардын жети жарым пайыз добушун эмес, кеминде 30-38 пайыз алганын айтууда. Египеттин шайлоо комиссиясы оппозициянын билдирүүсү негизсиз деп четке какты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG