Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

АКШ табият кырсыгынын кесепетин жойуп жатат


АКШнын “Катрина” ураганынан кийин суу астында калган Жаңы Орлеан шаарынын тургундарын башка жакка көчүрүү аяктап калды. Азыр деле тирүү калгандарды издөө, каза болгондорду жерге берүү жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Дезинфекция жасап жаткан адистердин бири –Хетченн: “Операциянын максаты - кырсык болгон жердеги адамдар менен унаалардын бардыгын дезинфекциядан өткөрүү. Биз аларды абдан жакшы жууп, анан зыянсыздандырып, натыйжалуу иштегенге аракеттенип жатабыз”-деди. Ураган болгон Луизиана, Миссисипи жана Алабама штаттарында каза болгон адамдардын саны мурдагыдай эле 300дүн тегерегинде деп жатышат. Жаңы Орлеанда иштеп жаткан аскерлердин айтымында, шаардагы сууну сордуруу иштери октябрь айынын аягында бүтүшү мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG