Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

НЬЮ-ЙОРКТОГУ МУНАРАЛАРДЫН ДОЛБООРУ БОЮНЧА ТАЛАШ КҮЧ


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары 11-cентябрда Нью-Йорктогу дүйнөлүк соода борборун талкалаган ири террордук окуяга төрт жыл болду. Дүйнө коомчулугунун жүрөгүнүн үшүн алган бул окуяда 80 мамлекеттин 3 миңге жакын атуулу каза болгон. Америкалыктар бул күнү каза болгондорду эскеришти. Ал эми өкмөт терракт болгон жерде “Эркиндик” мунарасын курууну пландап жатат.

АКШнын өкмөтү ал жерге курула турган “Эркиндик” мунарасы терракта көз жумган 2 миң 752 адамды унуттурбоочу жана ал жер Нью-Йорктун таалуу жери экендигин алыстан билдирип турган өзгөчө жай болуш керек деген тилекте. Ал тууралуу 2003-жылы Нью-Йорк штатынын губернатору Жорж Пэтаки мындай деп жарыя кылган:

- Биз аны Нью-Йорктун тургундарынын эрдиги менен күчүнө таазим иретинде курабыз. Ошону менен бирге эркиндик ар дайым террорду жеңээрин дүйнөгө даңазалоо жана 21-кылымда ошондой зор сезим менен жашаарыбызды көрсөтүү үчүн курабыз.

Ал эми Нью-Йорктун мэри Майкл Блумберг ушул жыл башында буларды билдирген:

- “Эркиндик” мунарасы адам эмгегинин архитектуралык символу болот. Ал жер дүйнөлүк соода борбору талкалангандан кийин жан дүйнөнү ээнсиреткен боштукту жана жакындарды жоготуу ызасын толтуруп, шаардын көркүнө көрк кошот.

Бирок ал эмнеге окшош болоору белгисиз бойдон калган. Мына ушул туңгуюк америкалык архитекторлордун арасында мелдеш жаратып, 2003-жылы америкалык архитектор Дэниел Либескин жеңүүчү болгон. Анын долбоору “Алгачкы пайдубал” жана “Эркиндик” мунарасы деген ассиметриялык негизде түзүлгөн. Асман мелжиген мунаранын чокусуна Нью-Йорктогу Эркиндик статуясындагы аялдын колундагыдай күйүп турган жалынды чагылдырган темир орнотулуп, ал борбордогу эң бийик имарат болуш керек болчу.

Бирок долбоор нью-йорктук дагы бир архитектор Лэрри Силверстеиндин каршылыгына туш болду. Анын оюнда, имаратта иштөө кеңеселери үчүн орун аз болуп калган. Ошон үчүн ал архитектор Дэвид Чайлдсты кошуп, өз долбоорун даярдап, кеңселер менен бирге электр жарыгы бериле турган өзгөчө түтүктү да кошкон. Бирок ал дагы Манхеттендеги машина жүрүүчү жолго жакын болгондуктан коопсуздукту камсыз кыла албайт, деп өзгөртүлдү.

Архитектура боюнча эксперт Нейл Баскомбдун айтымында, ар кандай көз караштагы архитекторлордун чыгармасы кайталангыс имаратты курууга шарт түзөт деген зор үмүт берген жок:

- Ар кимисинин өз көз карашы бар эки архитектор бар. Дүйнөдө бир китепти эки автор жазбагандай же бир сонун сүрөттү эки сүрөтчү тартпагандай эле эки архитектордон эмнени күтүп жатышканы белгисиз.

Анткен менен бийлик менен коомчулук Нью-Йорктогу эң бийик имарат курулаарына ишенип калды. Алар курулуш 2009-жылы башталат деп болжолдошууда, бирок ага чейин долбоор дагы өзгөрбөшүнө кепилдик жок.

XS
SM
MD
LG