Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:21

Кошмо Штаттарда болгон ири террор актысына бүгүн толугу менен төрт жыл толду


Дүйнө коомчулугунун жүрөгүнүн үшүн алган бул окуяда 80 мамлекеттин 3 миңге жакын атуулу каза болгон. Америкалыктар бул күнү теракттан көз жумгандарды эскерип жатышат. Нью-Йоркто урап түшкөн дүйнөлүк соода борборунун асман тиреген эки имаратынын ордунда өлгөндөрдүн аттарын алардын туугандары окушту. Шамга аралаш асманга төрт жыл мурда бузулган имараттарды символдоштурган эки жарык учурулат.
Өкмөт урап түшкөн ал имараттардын ордуна «Эркиндик» мунарасын курууну пландап жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG