Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:12

Адам укугун коргоочу «Адилет» уюму чек арадагы окуяга кабатыр


ЖАЛАЛАБАТ. Облустагы “Адилет” уюму Өзбек Республикасынын Канабат бажы бекетиндеги окуя боюнча тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун кеңешинин төрайымы Валентина Гриценко билдиргендей, өзбекстандык бажычылар 5-сентябрда Жалалабаттык Хамид Рахматуллаев аттуу жарандан 300 АКШ доллары менен 26 миң өзбек сумун алып коюшкан. Менде АКШ доллары болгон эмес деген тил кат жазууну талап кылышып, ур- токмокко алышкан. Ал Анжиян шаарынын ооруканасына жаткырылып, ооруканадан эч кандай медициналык документ беришкен эмес. Рахматуллаевдин кайрылуусуна Жалалабат облусундагы укук коргоо уюмдары маани беришпеген. Адилеттик уюм чек ара жайларындагы адам укуктары сакталбай тургандыгын белгилөө менен аталган жарандын арызын облустук улуттук коопсуздук башкармасына жана облустук прокуратурага жолдоорун маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG