Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Норвегиядагы шайлоого Кыргызстандан да байкоочулар катышат


БИШКЕК. Кыргызстандагы атуулдук коом өкүлдөрү Норвегияда 12-сентябрда өтүүчү парламенттик шайлоого байкоочу катары катышышат. Бул маалымат учурда Осло шаарында жүргөн «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсаловдон алынды. Анын айтымында, Казакстан, Өзбекстан, Грузия, Армения жана Молдовадан барган байкоочулардын катарында Кыргызстандык өкүлдөр да алты шайлоо аймагындагы парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо салышмакчы. Мындан тышкары өкүлдөр Парламентке, Борбордук Ратушага барып, алардын иши менен таанышышат.

XS
SM
MD
LG