Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

НИГЕРИЯНЫН “FRAMAX” КОМАНДАСЫ КЫРГЫЗСТАНДА 4 ЖОЛУ УТУЛДУ


Сентябрь айы-футболдук таймашуулардын чордону болууда. Себеби, Европа жана Азияда 2006- жылы Германияда өтчү дүйнө чемпионатына талапкерлерди тандоо оюндары өткөрүлдү. Ошондой эле Кыргызстандын футбол чемпионатынын үчүнчү чечүүчү айлампасы башталды. Нигериянын “Framax” командасы Кыргыз жергесинде бир нече беттешүүлөрдү өткөрдү.

Сентябрь айынын алгачкы күндөрү Европа кайрадан чоң футбол талаасында айланып, курама командалар 2006-жылкы дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алуу үчүн группалык оюндарын өткөрүштү. Кыргызстандык күйөрмандарды негизинен 2-жана 3-топтогу оюндар кызыктырды. Себеби анда Казакстан, Украина жана Орусия командалары ойноду.

Украина курама командасы Тбилисиде Грузия менен 1:1 эсебинде тең чыгып, Европада биринчи болуп алдын ала Германияга жолдомо алды. Украина эми эгемендик алганы биринчи жолу футболдон дүйнөлүк чемпионатка катышат. Ошол эле 2-топто Казакстан курама командасы адегенде Албанияга 1:2 эсебинде утулуп, 7-сентябрда Европа чемпиону Грекияны кабыл алып, мында да гректер жеңип кетишти.

Ал эми Орусия адегенде Лихтенштейнди 2:0 эсебинде утуп, анан 3-топтун лидери Португалия менен 0:0 болуп, эсеп ачылбай тең чыкты. Орустар былтыр, Португалияга барып 1:7 эсебинде утулганын эсиңиздерге салалы. Ошентсе да орустардын Германияга баруу мүмкүнчүлүгү дагы эле бар. Учурда Словакия менен Орусиянын упайлары бирдей, алардын кимиси экинчи орунду ээлейт, ал 8- жана 12-октябрда билинет. Акыркы турда Словакия Орусияны кабыл алат. Алар биринчи оюнда-1:1 эсебинде тең чыгышкан.

Ошондой эле калган топто 2006-жылкы чемпионатка катышуу укугу үчүн мелдеш өтүп, атактуу Голландия, Италия, Испания, Англия, Франция командалары да учурда алдын ала жолдомо ала албай жатышат.

Айтмакчы, Азия континентинде Өзбекстан да 3-сентябрда Бахрейн менен ойноп, өзбектер 1:0 эсебинде утушкан. Ал эми оюндун аягында Өзбекстан командасы 11 метр айып тобун тээп, экинчи упайга ээ болушкан. Бирок япониялык калыс “арттагы өзбек оюнчуларынын бири айып аянтка топ тебилээрден мурда кирип кетти” - деп упайды эсептебей да, эреже боюнча 11 метр айып тобун кайталап тептирбей да койгон.

Кыргызстанга Нигерия өлкөсүнүн “Framax” командасы келип, жолдоштук 4 беттешүү өткөрүштү. Африканын ушул командасы адегенде Кант шаарында «Абдыш-Атага» 7:0 эсебинде, андан кийин Караколдо «Ысыккөл» командасына 2:0 эсебинде утулушкан. “Framax” командасынын оюндары жана Нигериянын футболу тууралуу “Заман Кыргызстан” жумалыгынын баяндамачысы Табылды Асыгалиев өз пикирин мындайча билдирди.

-Нигериялыктар биринчи оюнун биздин командага 0:7 эсебинде утулушун Бишкекке учуп келгени жакшы эс алалбай калдык деп түшүндүрүшкөн. Андан кийин Караколго автобус менен барып Биринчи лигадагы анча күчтүү эмес командабызга утулуп калышын кокустук деп айтышкан. Эми минтип, Ошто «Алайга» да утулушту. Кыскасы, бизге футболду үйрөтөбүз деп мактанган нигериялыктардын деңгээли начар эле экен. Же болбосо алар биздин өлкөнүн футболдук деңгээли төмөн дешип, чабал командасын алып келишкен окшойт. Качан эле африкалыктар бизге футбол үйрөтүп жүрдү эле, дейм да... Бирок алардын футболчулары 1996- жылы Атлантада олимпиадалык чемпион болушкан. Мыкты футболчулары Европанын таанымал клубдарында ойноп жүрүшөт.

Кезектеги оюнун африкалыктар Ошко барып, «Алай» менен өткөрүштү. Аларга дагы 3:0 эсеп менен утулушту. Ошондой эле 8-сентябрда африкалыктар Бишкектин «СКА-Шоро» командасы менен акыркы төртүнчү беттешүүгө чыгышты. Бул оюнда дагы нигериялыктар 3:0 эсебинде утулуп калышты.

“Нигерия деле биздей кедей өлкө, бирок мыкты футболчулары Европа клубдарында ойноп жүрөт. Мейманга келген командада мыкты оюнчулары болсо, футбол клубума келишим менен алып калсам деген үмүтүм акталган жок", - деген пикирин билдирди, “Шоро-СКА” футбол клубунун президенти Табылды Эгембердиев:

- Эми Нигерия деле Кыргызстан сыяктуу жыргап кеткен өлкө эмес.Чынында экономикалык көрсөткүчтөр футболго да таасирин тийгизет. Бирок аларда мыкты оюнчулары арбын. Биздин өлкөгө келген командадан “жарк”эткен чебер жигиттерди көрө албадым. Жаратылыш шартыбызга көнө албай, жакшы оюн көрсөтө алышпады көрүнөт. 4 беттешүүдө тең жеңилүү ызасын тартышты. Кант, Каракол жана Оштогу оюндарга күйөрмандар арбын келишти эле. Ал эми бишкектиктерди оңой менен “ойготуп”, футболго болгон кызыгууну арттыра албайсың. Африка эмес, Европанын мыктылары келсе да стадион оңой менен толбойт. Африкадан команда келип ойношу кыргыз футболунун тарыхындагы бир эсте калаарлык окуя.

Жайкы эс алуудан кийин өлкөнүн футбол чемпионатында үчүнчү айлампа жүрүп жатат. Чемпионаттын лидери Нарындын «Дордой-Динамо» командасы адегенде Кыргызстан жаштар курама командасын 2:0 эсебинде жеңишти. Ал эми алар Эгемендүүлүк Кубогун жеңгенден кийин үч күн өтпөй Канттын «Абдыш-Ата» клубун кабыл алып, 3:0 эсеби менен утуп алышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG