Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

РОЗА ОТУНБАЕВА: «КАЧКЫНДАР БОЮНЧА БИЗ ТУУРА ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛДЫК»


Украинадагы «саргылтым» ыңкылап жасагандардын арасында ырк бузулуп, Юлия Тимошенконун өкмөтү отставкага кетти. Ал эми Кыргызстанда жаңы өкмөттүн курамы Жогорку Кеңеште каралаардын алдында көшөгө артындагы оюндар күчөдү. Тышкы иштер министринин милдетин аткарып жаткан Роза Отунбаева айым «Азаттыкка» куруп берген маегинде Украинадагы окуялар Кыргызстанда кайталанбайбы, жаңы өкмөткө кимдер кириш керек жана эл бийликтен эмнени күтүп жатат деген суроолого жооп берди.

- Сизди №1 Университет шайлоо округунан алгач каттап, кийин аны жокко чыгарып, талапкерликтен четтеткени март ыңкылабына таасирин тийгизген орчун окуялардын бири деп санашат. Алтургай мурдагы президент Аскар Акаев да оппозициянын локомотиви болуп жатат деп сизди сынга алып, дүйнөгө жар салганы бар. Эми жаңы өкмөттү түзөр алдында Украинадагыдай болуп Кыргызстанда дагы март ыңкылабын жасагандардын ортосунда ырк кетип, өз ара күрөш күчөбөйбү?

- Чындыгында эле жакында Украинанын өкмөтү жалпы отставкага кетти, Президент Виктор Ющенко Тимошенкону баш кылып, өкмөттү отставкага кетирди. Бул - өкүнүчтүү окуя. Бирок менин оюмча мыйзамченемдүү дагы жагы бар, анткени өкмөттүн коррупцияга батканын билдирип, мамлекеттик катчы Александр Зинченко отставкага кетти. Кетип жатып «биздин өкмөт коррупцияга батып кетти, олигархиялык өкмөт болуп кетти» деди. Бул өкмөткө сегиз ай болду. Анын курамына киргендер Майданда туруп 100 миңдеген кишиге ант берген эле. Ошол адамдар революцияны эмнеге жасадык эле, биз эмнеге умтулдук эле деген суроолорду берип жатышат. Менин оюмча, биз биринчиден ар кимибиз өзүбүздүн тармагыбызды таза алып барышыбыз керек. Биз мисалы, ошол революцияны жасап атканда ант бергенбиз элге, таза иштейбиз деп. Биз ошого азыр умтулуп атабыз. Ошону жасабай атсак бизде да ошондой болот. Анткени азыр деле миңдеген адамдар сурап атат, силерди - барыңарды эмнеге такка алып келип отургузуп койдук эле деп. Эми мына биз азыр баарыбыз сындан өтүп атабыз. Биз ошол сындан өтө алабызбы, иштей алабызбы, кеп - ошондо. Жалаң эле парламенттен өтөбүз деген сөз эмес, биздин өзүбүздүн уятыбыз, абийирибиз, Кудайыбыз, элибиз бар. Башкасынын баары эле интрига, жөнөкөй эле оюндар.

- Жогорку Кеңеште жакында ар бир министрге талапкер адам сынга коюлган атпайбы. Ошол талкуу жакындаган сайын тигил же бул министрликке көз артып, көшөгө артында оюндарды уюштуруу күчөп атат. Анан соңку кезде Кыргызстандагы гезиттерде сиздин наамыңызга сындар айтылып, Роза Отунбаева министрликке төртүнчү ирет келип атат, бирок кандай иш жасаганы белгисиз деген пикирлерди айтышты? Мунун сыры эмнеде?

- Чындыгында эле акыркы убакта мен жөнүндө атайын жазылган заказной макалалар көбөйүп кетти. Менин намысыма тийген ошондой сөз айтылып атат, төрт жолу келди, эмне жасады деп. Ошол макалалар бир эле булактан жазылып атат. Айта турган сөзү жок, бир фактыны ары-бери сапырып атышат. Макаланы баскандар толук көзөмөлдөнүп аткан гезиттер, ал мен үчүн түшүнүктүү. Ал гезиттен келип менин ишимди сурап, эмне кылдыңыз десе мен айтып бергенге даярмын. Мен биринчи жолу Совет заманында министр болдум. Ал кезде бизде министрлик деген аты бар эле, анда биздин укугубуз жок болчу. Ошондо Мурат Иманалиев, Марат Усупов дегендер жаш дипломаттар болчу. Андан кийин мен Москвага кеттим. СССРдин тышкы иштер министрлигинин коллегиясында мүчө болдум. Азыр алардын баары эң жогорку деңгээлдеги дипломаттар, могикандар деп эсептелет. Ошолордун арасында кыргыздын кызы катары мен иштеп турдум. Аны эмнеге эч ким айтып, сыймыктанбайт? Ошол жерге барып 3 жыл иштеп, Советтер Союзунун Парижде ЮНЕСКОдогү өкүлү болуп иштедим. Андан кийин мени Акаев бул жакка чакырып калды. «Келиңиз, биз эгемендүү болдук, тышкы иштер министрлигин жетектеп бериңиз» деп. Мен 1992-жылы келип, жарым жыл иштедим. Мен жалаң эле Акаевдин колу менен келген жокмун, мен «легендардуу парламенттен» өттүм. Анан жарым жылдан кийин Америка Кошмо Штаттарында Кыргызстан өз элчилигтн ачууга муктаж болду. Ошондо президент мага кайрылды «Америкага барып элчиликти ачып, иштеп берсеңиз» деп. Америкадагы элчилик бул Кыргызстандын чет мамлекеттеги биринчи элчилиги. Мен ал жерде 2 жыл иштедим. Менден кийин тышкы иштер министрлигине менден кийин келген Эднан Карабаевди парламент министр кылып бекитпей койду. Министрлик 2 жылдын ортосунда кыйналып, чайналып калды. Мени кайра чакырышты, келип кайра парламенттен өттүм. Мына ошентип 1994-97-жылга чейин туруктуу 3 жыл эгемендүү Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп иштедим. Ал кезде мен ачуу чындыкты Акаевдин көзүнө айтчумун, ошондо ал менин айтканымдын көбүн жактырчу эмес.

- Ошол жылдарда министрлик жасаган орчундуу иштерди санап бере аласызбы?

-Биринчиден, биз министрликти түптөдүк. Мен алган балдардын баары ушул күнгө чейин министрликтин негизин түзөт десем туура болот. Экинчиден, мен айтат элем - 1997-жылы июнда биз Тажикстандын ичиндеги өз ара күчтөрдүн тынчтык долбооруна Москвада кол коюлушуна чоң салым коштук. Кыргызстандын атынан ал долбоорго мен кол койдум. Мисалы, Кыргызстан Тажикстанда тынчтык орношуна түздөн-түз чоң салым жасады. Биз ошондо сүйлөшүүлөргө көп жардам бердик. Бишкек саясий келиши ушул жерде даярдалып, ага кол коюлду. Иштин баарын биздин министрлик алып барды. Андан тышкары Тажикстандан 20 миң качкын келди. Биз ошондо алгачкы мыйзамдарды кабыл алып, конвенцияларга кошулдук - ушуларды
түптөгөнбүз. Биринчи жолу Кыргызстан эл аралык милдеттерин аткарган болчу. Мен айтат элем ошол 1996-жылы Кытай менен чегара жөнүндө келишимдин долбооруна кол койдук эле, бирок талаш-тартыш болгондуктан Бедел жана Үзөңгүкуушту ачык
калтырганбыз. Биздин балдар күнү-түнү 1991-жылдан баштап иштешти. 1996-жылы үч айда бир ирет сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошентип 1996-жылы аягына
жеткиргенбиз. Биздин министрлик ошол заманда элдин кыйынчылыгына, көйгөйүнө тике карап туруп микрокредит дегенди баштаган. 1993-жылы өзүм
ушул жаңылыкты Кыргызстанга алып келген болчумун. Мына азыр гүлдөп жаткан кези микрокредит ишинин.

- Орусиянын айрым маалымат каражаттары жазды, бул жерде которуп басып атышпайбы кыргыз гезиттери, ал макаланы. Анда Отунбаева Кошмо Штарттарына ыктаган саясат жүргүзүп жатат деп айтылат. Ушул өңүттөн алганда Конституцияда президент тышкы саясатты аныктайт деп жазылган. Ушул маселени кантип комментарийлейсиз?

- Биринчиден, геосаясий чөйрөдө кайсы бир мамлекетке башка өлкөлөрдүн таасир эте турган аракеттери талашсыз маселе. Мына Кыргызстанга да Кытай болсунбу, Орусиябы, Казакстанбы, Өзбекстанбы - кимиси болсо дагы таасир этем деп азыр да аракеттенип атканын сокур деле көрүп атат. Биз мындай тышкы саясатта өзүбүздүн улуттук кызыкчылыкты жакташыбыз керек. Революцияда деле көрдүк го, өзүбүздүн тагдырыбызды кыргыздар эле чечет экен. Кыргыздын улуттук талаптарын биз жактайбыз деп бүгүн деле иштеп келатабыз. Эч кимдин талабын жактабайбыз. Ошондуктан ошол макаланы эле колуна алып атышат, деги ошондой автор бар бекен? Макаланы мен окуп көрдүм, аны эркек жазганы байкалып турат. А балким атайын службалар менен жазган макаладыр. Макаланын маанисин окуп көргүлөчү эмне дейт экен, Кыргызстанды багынтып эле, такыр эле өз билгенин жасап, баш ийдирүү керек деген мааниде жазылган макала экен. Менин күлкүм келет, Отунбаева чокой кийип эле жүрө бериш керекпи. Биз кыргыз эли олуттуу иштерге такыр кийлигишпей, аралашпай, бирөөнүн эле алдында отурушубуз керек экен да, сокур, маңка болуп. Анысы чын, мен Америкада, Улуу Британияда иштедим. Бириккен улуттар уюмунда, мурунку Советтер Союзунда олуттуу жумуштарды аркалап келдим. Мына алар ошого чычалап, ушундай Отунбаева деген бар экен, алар болсо бизди тилибизди укпайт экен деп жатышат. Бул абдан майда сөз. Отунбаева саясатты жалгыз жасабайт. Бизде өзүң туура айткандай, президент башкарат тышкы саясатты. Биринчиден, ал киши талдайт тышкы саясатты. Экинчиден, бизде парламент деген бар, өзүң билесиң - Үзөңгүкуушту деле парламент кандай чечип койду, туурабы. Же кандай дебаттар, дискуссиялар болду. Ошондой эле бизде өкмөттүк эмес уюмдардын ролу абдан зор болуп атат. Илимий мекемелер, атайын изилдөө институттары пайда болду. Алардын баары менен биз эсептешишибиз керек. Бүгүн бизнестин оюн эсепке албай көргүң, кантип тышкы саясатты жүргүзөбүз, жүргүзө албайбыз. Ошондуктан Отунбаева
тиякка же биякка буруп кетет тышкы саясатты деген бул - атайын жасалган сөз. Мен сага айтып
коёюн, ал макала Акүйдө жазылып, атайын заказ менен жарыяланды.

- Жогорку Кеңеште жакында министрлер бекийт, талкуудан өтөт. Ошол макалаларга шылтап, Жогорку Кеңештин колу менен сизди министрликке өткөрбөй коёлу деген оюндар болуп атабы деген ой бар. Барып келип эле кайра Украинадагы окуялар кайталанбайбы деген маселе келип чыгып атат?

- Дагы бир макала чыгыптыр - быйыл Кыргызстанда газ болбойт экен. Ал болбосо демек эл «отун» революциясын чыгарыш керек экен мага каршы. Күнөөлү ким? Мен экемин. Качкындар маселеси
асмандан түштүбү? Биз баарыбыз эле билебиз - кайсы жерде эмне окуя болду? Алар эмне себептен бул жакка келди? Ал чечимди биз Коопсуздук кеңеште чечтик, кызуу талкуу болду. Мен терең ишенимдемин - биз туура чечим кабыл алдык,
Кыргызстанды жамандыктан сактап атабыз. Газ деген жыл сайын чыккан кыйын маселе. Быйыл болсо Өзбекстан менен талаш-тартыштар болуп атат. Биздин «Кыргыз газ» ишканасы, өкмөт, тышкы иштер
министрлиги бул маселенин үстүндө жайдан баштап эле катуу иштеп атабыз. Демек, бул маселе боюнча мага жөн эле жалаа жаап атканы. Мен бир ачуу чындыкты айтып коеюн, революцияны жасагандардын кээ бирөөлөрү келип алышып, өздөрүнүн жеке
кызыкчылыгын көздөп атышат. Мен андайларга «жок, болбойт!» деп катуу туруп атам. Биз бийликке келатканда жеке өзүбүздүн гана маселебизди
чечебиз деген эмеспиз, ант бергенде элдин кызыкчылыгын карайбыз, акыйкат иштейбиз дегенбиз. Тилекке каршы, Акаевдин доорундагы иштеген кадрлардын баары сакталып калды, алар Ак үйдүн жети кабатын каптап отурушат дагы эле.

- Ушуга эмне себеп болуп атат деп ойлойсуз, башка кадрлар жокпу?

- Жаңы кардлар бар. Тилекке каршы, кайсы бийлик келсе эле ошолордун терисин жамынып алгандар да көр экен. Кечээ бирөө айтып атат, «көрүстөндө көмүлгөндөрдү кайра алып келип атасыңар, силерге эмне болду, ыңкылапчылар?!» деп атышат. Ошондой эле айрым дикторлор Акаевдин саясатын ашыра макташчу эле өткөн заманда, алар азыр деле иштеп жатат. Же болбосо Курманбек Бакиев ант бергенде көрдүк, Акаев менен күн чыгат деп жүргөн дүжүр чалдар алдыңкы катарда отурушту. Ушуга кантип адам чыдайт, мен билбейм, канча жүздүү адамдар булар. Ошондой эле жүзү бар адамдардын көбү азыр Акүйдү каптап отурушат.

Президент менен тышкы министрликте кадр маселесин такыр башкача алып баралы, эл алдыбызга коюп аткан талаптарды аткаралы деп сүйлөштүк. Мына жаңы кадрларды элчи кылып атабыз. Жакында эле 6 жаңы элчилерди аттанттык. Жаш дипломаттарды, адистерди өстүрөлү деп атабыз. Экинчиден, чет тилди билишсин. Ар бир адамга котормочу кошуп коё турган заман бүттү.

- Мен бул суроону бербесем угармандарыбыз мени кечирбейт болуш керек деп ойлойм. Элчилер боюнча айтылганда президенттин бир тууганы жөнүндө кеп болуп атат. Марат Бакиев Германияга баратат, президент өзүнүн бир туугандарын кызматтарга коё баштады деген сынды гезиттер жазып атат, коомчулук арасында, парламенте, башка жактарда пикирлер болуп атат. Марат Бакиев тууралуу айтсаңыз, кандай критерий менен элчликке аттанды?

- Марат Бакиев боюнча менин да президент менен сөзүм болду. Мен президентти мындай деп түшүндүм, бир топ бир туугандары бар, баары өз ордунда экен. Марат Бакиев бышып, бутуна турган
адис экен, сот департаменти деген министриликке тең чоң мекеменин башчысы болуп иштептир. Беш жыл депутат болуп, Эл аралык комитеттин башчысы катары иштеп, тышкы саясатка аралашып жүргөн адам. Экинчиден, биздин Шанхай коопсуздук уюмунун Регионалдык антитеррордук борборду түзгөнгө салымы абдан чоң экен. Биз ошонун баарын эсепке алдык. Ошондой эле Марат Бакиев илимий тармакта иштеген, университетте эмгектенип, немис тилин билет экен. Мына ушулардын баарын эсепке алдык. Марат Бакиев ошондой эле парламенттин Эл аралык комитетинин сынагынан өттү. Ал жерде да депутаттар анын талапкерлигин колдоду.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG