Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

ЖАҢЫ ӨКМӨТ - ЭСКИСИНИН КӨЧҮРМӨСҮ


12-сентябрда “Өкмөт тууралуу” мыйзамга президент К.Бакиев каршылыгын билдирип кайтарып бергенден кийин депутаттар өкмөт түзүмүн талкуулоого киришти. Мыйзамчылардын бир тобу айрым министрлик, мамлекеттик комитеттердин жоюлушун, президенттин экономикалык иштерге кийлигишүүсүн сынга алышса, өкмөт башчы Феликс Кулов президенттин андай кадамын ачык позиция катары баалай тургандыгын билдирди.

Президент К. Бакиевдин “Өкмөт тууралуу” мыйзамга каршылыгын билдирип кайтарып бериши Кыргызстанда дагы бир саясий кризистин башын кылтыйтканын депутат Мелис Эшимканов айтты:

- Бири-бирибизди түшүнүп, сүйлөшүп келатканда ортодон ойт берме оюндар башталды. Кыргызстанда бүгүнкү кырдаалда өкмөт, президенттик бийлик парламенттин ортосундагы түшүнбөстүктөн улам саясий кризис башталып кетиши толук мүмкүн.

Мындай пикирге жаңы өкмөттүн башчысы Ф. Кулов макул эмес:

- Бул жерден эч кандай кризисти көргөнүм жок. Өкмөт түзүмү боюнча кадыресе талкуу жүрүүдө. Ар ким өз пикирин айтууда.

Феликс Кулов жаңы өкмөт түзүмү боюнча так жыйынтыктуу пикирге келише электигин билдирди, өкмөттүн өзүндө деле бир пикир жок экенин моюнга алды, мындай көрүнүштү мыйзамченемдүү нерсе катары баалады.

Анткен менен парламенттик талкууда жаңы өкмөттүн айкын экономикалык программасынын жоктугу, президент менен премьер-министр өз ара мунасага келип аткаруу бийлигин бөлүштүрүп алгандай таасир калтырары айтылды.

Депутат Кубатбек Байболов жаңы өкмөттүн жаңычыл экономикалык программасы жок, эки айдан ашуун сыр кылып келген аткаруу бийлигинин түзүмүн саясий кызыкчылыктардын садагасына чабылган документ, деп мүнөздөдү:

- Акүйдүн ичинде, менин билишимче, чоң сыр катары бул эки айдан ашуун иштелди. Жыйынтыгында саясий кызыкчылыктардын курмандыгына чалынган долбоорду алдык.

К. Байболов мурдагы өкмөт экономиканы илимий негизде башкара албай, анын натыйжасын жыл сайын ахывалы начарлап бараткан өлкөнүн өзү жонтериси менен сезип жатканын маалымдады. Жаңы өкмөттүн экономикалык башкаруу жаатындагы чама-чаркы чакталуу экенин депутат Акматбек Келдибеков да ырастады:

- Мына бюджет долбоорун карадык. Былтыркы, мурдагы жылдагыдай эле эч кандай өзгөрүү жок. Мурдагыдай эле ИДПны 5 пайыз көбөйтүп туруп, ошонун негизинде 13 миллиарддык бюджетти 15 миллиардка көтөрүп коюппуз. 15 миллиард тыйыны менен. А бирок эл күтүп жатат. Бүгүнкү биздин бюджеттин киреше жагын жок дегенде 20 миллиардга эч кандай проблемасы жок көтөрсө болот.

А. Келдибеков чет эл инвестициясынын 43 пайызы Кыргызстанга жолдор үчүн келерин маалым кылды. Анын ырасташынча, 4 учагынын көзүн карап отурган «Кыргызстан аба жолдору» , араңжан темир жол компанияларын өзүнчө бөлүп президенттин карамагына берилиши, автожолдор боюнча өзүнчө агенттиктин түзүлүшү туура эмес.

Депутат Жантөрө Сатыбалдиев да жаңы өкмөт түзүмүнө ичи чыкпаганын жашырган жок.

- Мурунку – азыркы иштеп аткан структурада 17 министрлик, 35 административдик ведомстук бар. Сиздер аны азайттык, кыскарттык деп туруп 13 министрлик, 15 агенттик жана борбордук бийлик органы деп 10, баары 38 калтырып атасыңар. Эч кандай өзгөрүү жок.

24-марттан кийин бийликте отургандар мурдагылардан эмнеси менен айырмаланат суроосун депутат Темир Сариев узатты.

- Мен сурайт элем. Биз алган структура эски бийлик структурасынан эмнеси менен айырмаланат? Азыркы саясат мурункусунан эмнеси менен айырмаланат? Биз ушуга жооп таба алабызбы же жокпу?

Акыйкатта да, көпчүлүктүн көңүлүн өйүгөн суроолорго жооп бериле элек. Эки айдан бери өкмөт түзүмү такталбай, аткаруу бийлиги арасат абалда туру.
XS
SM
MD
LG