Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:05

Жогорку Кеңештин депутаты Айдар Акаевди кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү боюнча депутаттык комиссия 12-сентябрда жыйналыш өткөрүп, анын соңунда Айдар Акаевди кылмыш жообуна тартууга негиз бар деген жыйынтыкка келди. Эми маселени комиссия жакынкы күндөрдө парламенттин кароосуна сунуштайт.

Айдар Акаевди кылмыш жообуна тартууга макулдук сурап, өлкөнүн Башкы прокурору 24-июнда парламентке кайрылган. Жогорку Кеңеш бул маселени 2-сентябрда карап, Башкы прокурордун сунушун карап көрүү боюнча тогуз депутаттан комиссия түзүп, аларга маселени иликтеп чыгууга 15 күн убакыт берген. Депутаттык комиссия 12-сентябрда акыркы ирет чогулуп, жабык эшик артында жыйын өткөрдү. Ага комиссия мүчөлөрү толук катышты. Кабыл алынган чечим тууралуу комиссия төрагасы Исхак Масалиев жыйын соңунда «Азаттыкка» буларды билдирди:

- Комиссия негизинен макулдук берүүнү жактады. Кол тийбестикти алып коюуну депутаттардан суранабыз. Айдар Акаев боюнча беш кылмыш иш бар. Ошонун баарын депутаттык комиссия иликтеп чыгып, ар бир депутатта жоопко тартууга негиз бар деген пикир пайда болду.

Айдар Акаев коркутуп-үркүтүү менен бирөөнүн мүлкүн ээлеп алган, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, мыйзамсыз жол менен алынган мүлк жана акча каражатын мыйзамдаштырган деп, Башкы прокуратура тарабынан күнөөлөнүүдө. Бирок 12-сентябрда комиссия жыйынында Айдар Акаевге байланыштуу кылмыш иштин бирөөсүнө анын атасы Аскар Акаевдин тиешеси бар экени айкын болду. Ал Ысыккөлдүн жээгиндеги 58 гектар жер жана ал жерге салынган пансионатка байланыштуу экен. Бул тууралуу Исхак Масалиев буларды билдирди:

- Жер боюнча бул жерде кызык болуп жатат, анткени Аскар Акаев келишимге өзү кол коюптур. Президент, баласы эмес президент өзү 58 гектар жерге пансионат курууга «заказчик» болуп, жоопкерчилиги чектелген «Айбулак» коому ортомчу болуп, «Бишкеккурулуш» фирмасы аткаруучу болгону айкындалууда. Бирок кийин 2004-жылы өкмөттүн токтому менен 58 гектар жер «Айбулак» фирмасына берилген экен. Курулуш эч кандай уруксатсыз эле 2002-жылы жүргүзүлө баштаган. Айдар Акаев ал ишке өз колу менен 1 миллион 112 миң долларды жумшаган.

Айдар Акаевдин адвокаты Максим Максимович бул ишке мурунку президент Аскар Акаевдин тиешеси бар экенин тастыктады:

- Булардын баары чындык. Бул маалыматтарды прокуратура менден алган. Бул Аскар Акаев менен Айдар Акаевдин кызмтташууга дилгирлигинин белгиси. Ал эми 1 миллион 112 миң доллар банктан алынган насыя болчу.

Анын айтымында, ал комиссия жыйынына катышуу максатында Жогорку Кеңештин төрагасына арыз менен кайрылган. Бирок жыйынга эч ким чакырган жок. Айдар Акаев менен 11-сентябрда Казакстанда жолукканмын. Ал да келүүгө даяр болчу, деп белгиледи Максим Максимович.

Бирок комиссия төрагасы Исхак Масалиев 8-сентябрда эле Айдар Акаевдин дарегине чакыруу кагазы жиберилгенин билдирди:

- Биз Айдар Акаевге белгиленген дареги боюнча 8-сентябрда чакыруу жибергенбиз. Бүгүнкү күнгө чейин ал жок. Анын адвокаты Максимович комиссия түзүлгөнүн билсе да, комиссия төрагасы мага, же башка мүчөлөргө кайрылган эмес.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG