Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

ЖОГОРКУ СОТТУН АЛДЫНДА АЛТЫ АЯЛ АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАШТЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Жогорку соттун алдында төрага Курманбек Осмоновдун жана парламенттик шайлоодогу чыр-чатактарды териштирген соттордун отставкасын талап кылган нааразылык чарасы башталды. Нааразы шайлоочулардын ичинен алты аял ачкачылык жарыялашты.

Парламенттик шайлоо соттук териштирүүлөр менен аяктаган №6 Асанбай, № 21 Токтогул, № 27 Базаркоргон-Сузак, №66 Аксуу, № 59 Чүй округдарынын шайлоочулары Жогорку соттун имаратын басып алып, анын ишин эки айга чукул токтотуп койгону белгилүү. Нааразы шайлоочулардын арыздарын иликтөө боюнча эксперттик топтун ишинен да азырынча майнап чыга элек.

Дүйшөмбү күнү эртең менен саат 7 жарымда «Курманбек Осмонов эркексиңби, татыктуу кетип кал», «Акыйкатсыз соттордун элге кереги жок», «Азыркы бийликтен акыйкаттык күтөбүз» деген плакаттарды көтөрүп 20га чукул адам Жогорку соттун алдына келишти.

Шайлоочулардын айтымында, Токтогулдан, Чүйдөн жана Таластан пикетке катышуу үчүн алардын жактоочулары жолго чыгышты. Асанбай округунун өкүлү Калича Умуралиеванын айтымында, алар президенттик шайлоонун өтүшүн, жаңы бийликтин тирдигип алышын күтүшкөн:

- 17-июндагы тополоң болуп калды, анан бир ырбаган жарадай болуп бир жактан биз турсак. Азыркы бийлик тирдигип алгыча, президент легитимдүү болгуча деп тарап кеткенбиз. Эми президенттик шайлоо бүттү, аяк башын жыйнап алды да, бирок биздин талаптарыбызды унутуп койду.

Пикетчилердин көбү аялдар. Алардын алтоо дүйшөмбүдөн баштап ачкачылык жарыялашты.

- Мен Таластан, Бакайатадан келдим. Адилеттикке жетмейин биз бул талаптарыбыздан кайтпайбыз. Курманбек Бакиев да бул бийликке элдин акыйкаттыкты талап кылышынын аркасы менен келген. Биз бул президентке ишенебиз жана биздин маселени да адилет чечет деген үмүтүбүз чоң. Алты аял ачкачылыкты баштадык. Күнү-түнү Жогорку соттун алдында турабыз, ушул жерден кетпейбиз. Мына алтообуз ар башка округданбыз.

Пикетчилердин Жогорку соттун алдына чатыр тигип алуу аракетине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгыгын кызматкерлери жол берген жок. Алар шаардык кеңештин ушул жылдын январь айындагы токтомуна шилтеме жасашты. Ал токтомго ылайык, боз үй, чатырларды тиккенге болбойт.
Жогорку сотко нааразы шайлоочулардын арызын иликтөө боюнча түзүлгөн эксперттик комиссиянын мүчөсү Турсунбек Акун президент Курманбек Бакиевдин бул маселеге эми колу жетет деген үмүтүн билдирди:

- Азыр эми өкмөттүн түзүмү жана курамы аныкталып атат. Албетте маанилүү чоң маселер чечилип атты, президенттин бул маселеге колу жетпей атышы да ыктымал. Бирок ушунча созбой эле чекит коюп койсо деле болмок.

Ал эми Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов бул адамдар пикетке эмнеге чыгып аткандарын деле билбесе керек, деген оюн ортого салды. Төраганын айтымында, Жогорку сот кадыресе тартипте иштеп атат жана пикетчилер алардын ишине тоскоолдук кылышкан жок.
XS
SM
MD
LG