Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

«Кыргызстан аба жолдору» менен «Манас» аба майданы чырлашууда


БИШКЕК. 12-сентябрда «Кыргызстан аба жолдору» авиакомпаниясынын кызматкерлери маалымат жыйынын өткөрүп, ишкана менен «Манас» аба майданынын азыркы жетекчилигинин ортосунда пикир келишпестиктер орун алып жаткандыгын билдиришти. Алардын айтымында, аэропорттун жетекчилиги тарабынан «Кыргызстан аба жолдору» авиакомпаниясынын ишине бут тосуулар болууда. Буга чейин компания мамлекеттик ишкана катары учактарынын учуп-конууларын камсыз кылгандыгы үчүн аба майданга кызмат акысын 50 пайыздык көлөмдө төлөп келген. Аэропорттун азыркы жетекчилиги мындан ары өз кызматы үчүн акыны 100 пайыз төлөөнү талап кылууда. Мындай талапты карамагында 800дөн ашуун кызматкер жана 200дөн ашуун пенсионер бар «Кыргызстан аба жолдору» аткара албай тургандыгын билдирүүдө. Компаниянын аэропортко болгон буга чейинки карызы 780 миң долларды түзөт. «Манастын» жетекчилиги «Кыргызстан аба жолдоруна» мындай талап аткарылмайынча учууга тыйуу салынгандыгы жөнүндө билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG