Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Депутаттар Жогорку Кеңештин имаратын оңдоого кеткен каражатты тактоону талап кылышууда


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин имаратын оңдоого он эки миллион сом сарпталган. Анын ичинде бир кабаттан экинчи кабатка көтөрүлгөн тепкичтерди жасалгалоого 2 миллион сом каражат кеткен. Буга байланыштуу айрым депутаттар жакын арада Жогорку Кеңештин ички маселесин кароону жана он эки миллион сом тууралуу палатага маалымат берүүнү төрага жана анын орун басарларынан талап кылышты. Ал эми төраганын орун басары Болот Шерниязов бул тууралуу жакынкы он күндүн ичинде палатага маалымат берилээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG