Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:35
БИШКЕК. 13-сентябрь күнү Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев баштаган кыргыз делегациясы 14-15-сентябрда Нью-Йоркто өтүүчү Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын «Миң жылдык+5» деп аталган саммитине катышуу үчүн жөнөп кетет. Миң жылдык өнүгүү максаттарынын декларациясына 2000-жылы 191 өлкө кол койгон. БУУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити учурунда Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев бир катар мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушат. Президент БУУнун Баш катчысы Кофи Аннан, Европа Биримдигинин баш комиссары Хавьер Солана, Швейцариянын президенти Самуэль Шмид, Венгриянын мамлекет башчысы Ласло Шой, Украинанын президенти Владимир Ющенко, Финляндиянын президенти Тарье Халонен, Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх жана башка бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө. Президент Бакиев Нью-Йорктогу саммиттин учурунда АКШнын ишкер чөйрөсү менен да кездешип, пикир алышмакчы. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG