Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Жогорку сот алдында кайрадан нааразылык


БИШКЕК. Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон айрым округдардын шайлоочулары Жогорку соттун алында кайрадан нааразылык акциясын – ачкачылыкты башташты. Нааразы болгондордун басымдуу бөлүгүн №59-Чүй, №21-Токтогул шайлоо округдарынын экс-талапкерлери Туратбек Андашев менен Токтосун Мадияровдун шайлоочулары түзөт. Мындан тышкары №27-Базаркоргон-Сузак округунан шайланган Абдумуталип Хакимовго каршы чыккан шайлоочулар, ошондой эле депутаттыктан Жогорку соттун чечими менен четтетилген Шарипа Садыбакасованын шайлоочулары да бар. Алардын башкы талабы – Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун отставкасы жана аталган округдар боюнча адилдет сот чечимин чыгаруу. Ачкачылык акциясын азырынча жогоруда аталган 4 округдан 6 шайлоочу баштады. Жалпысынан Жогорку соттун алдына 20га жакын шайлоочу келди. Алардын айтымында жакынкы күндөрү Жогорку соттун алдында пикетке чыккандардын саны көбөйөт.

XS
SM
MD
LG