Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:28
БИШКЕК. Депутаттык комиссия Айдар Акаевдин депутаттык мандатын алып, ага кылмыш ишин козгоо маселесин палатанын кароосуна сунуштоо чечимине келди. Мындай чечим депутаттык комиссиянын 12-сентябрдагы отурумунда кабыл алынды. Бул күнкү отурумга депутаттык комиссиянын бардык мүчөлөрү катышышты.

Баш прокурортура Айдар Акаевге убагында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, бирөөнүн мүлкүн коркутуп тартып алган, мамлекеттин эсебине ири өлчөмдө зыян келтирген деген айыптоолорду коюп, мындан бир нече ай илгери кылмыш ишин козгогон. Көп өтпөй Башкы прокуратура Айдар Акаевдин депутаттык кол тийбестигин алып салуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG